Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Актөбөдөгү теракттарга шектүү делген жаран кармалды


Актөбөдө белгисиз адамдар кол салган "Паллада" курал дүкөнү.
Актөбөдө белгисиз адамдар кол салган "Паллада" курал дүкөнү.

Казакстандын Актөбө облусунда атайын операция учурунда Актөбөдөгү теракттарга тиешеси бар делген шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын ИИМ маалымат катчысы Алмас Садубаев билдирди. Ошентип камакка алынгандардын саны тогузга жетти.

Азыр полиция куралдуу кол салууга шектелген дагы алты кишини издөөдө.

Жекшемби күнү, 6-июнда белгисиз адамдар тобу курал саткан эки дүкөндү тоноп, аскерий бөлүккө кол салып, полиция менен атышууга чейин барган. Натыйжада 19 киши набыт болуп, 38и жарат алган.

Казак бийлиги кол салууну теракт деп баалап, Актөбөдө террористтик коркунучтун эң жогорку "кызыл" даражасы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG