Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Өзбекстан туристтерге ылайыктуу 10 өлкөнүн катарына кирди


Бухара
Бухара

National Geographic журналы туристтер сөзсүз барышы керек деген 10 өлкөнү атады. Анда Өзбекстан алтынчы орунга коюлган. Мындан тышкары Армения, Никарагуа, Непал, Иран, Косово, Албания, Тимор, Грузия жана Тунис тизмеде.

"Өзбекстан саякатчылар үчүн эң коопсуз өлкөлөрдүн бири жана Жибек жолунун тоомунда жайгашкан" деп белгилейт журнал.

Акыркы жылдары Бухара менен Самарканддагы негизги тарыхый борборлор оңдолуп-түзөлгөн. Мындан тышкары журнал Өзбекстанда кой этине басылган, жыты буркураган палоону, лагманды жеп көрүүнү сунуштайт.

Мурдараак британиялык The Telegraph басылмасы болса туристтерге Өзбекстанга баруунун 11 себебин эсептеп берген.

XS
SM
MD
LG