Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Олимп оюндарында Зика вирусунун тароо коркунучу аз


Зика вирусунун башкы жайылтуучусу - чиркей.
Зика вирусунун башкы жайылтуучусу - чиркей.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүүдө. Алардын бүтүмүнө караганда, Рио-де-Жанейро шаарындагы быйылкы Олимп оюндарында Зика вирусунун дүйнөгө жайылышын тездетип жиберет деген чочулоого негиз аз.

Эксперттердин кечээги жыйынынан соң Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 5-21-августтагы Олимп оюндары учурунда Зика вирусунун эпицентри катары саналган Бразилияга боюнда бар аялдар гана келбеши керек деген мурдагы кеңешин кайталады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика вирусун глобалдык коркунуч катары быйыл февралда жарыялаган.

Башаты чиркейлерге барып такалган вирус эң көп жайылган чөлкөм - Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрү.

Зика вирусунун боюнда бар аялдар үчүн эң башкы коркунучу - микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышы. (UE)

XS
SM
MD
LG