Кыргызстанда бир нече күндөн берки жаан-чачын, абанын салкындашынан кийин бүгүнтөн тарта күн бир аз ачыла баштады. Бирок келерки аптада 21-июнда кайрадан сел жүрүү коркунучу пайда болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди:
- Буга чейинки шашылыш билдирүү 15-17-июнга берилген. Ал эми кийинки жумада, 21-июндан тарта кайрадан нөшөр жаан, сел коркунучу бар деп Гидрометеоборбор билдирди. Андыктан бардык кызматтар даяр болушун керектигин эскертебиз.
Соңку 2-3 күндөн бери Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Баткен облустарында катуу жаандан жана тоолордогу кардын эришинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерди сел каптады. (RK)