Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Ургаачы крабдар эркегин тандап сүйөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Эркек крабдарды каалагандай тескеген ургаачы крабдар. Түбөлүк иштечү батарея. Африкалык дыйкандардын 700 кылым мурдагы жерди семиртүү ыкмасы. Майлуу тамак ден соолуктун биринчи душманы.

Эркек крабдардын адебин берген ургаачылар

Крабдар арбайган тырмагы менен душманын коркутат, жашаган ийининин оозун тосот, атүгүл тырмагын курал катары пайдаланат. Ал эми крабдардын Uca mjoebergi түркүмүнүн эркеги чоң тырмагы менен ургаачы крабды өзүнө кызыктырып азгырат. Бул түркүмдөгү крабдардын эркектери ортосунда «айымдар» үчүн катуу атаандашуу бар экенин Канберра шаарындагы Австралиянын улуттук университетинин биологдору аныкташты.

Алардын ургаачылары эркектери менен жупташып, жыныстык байланышка баруудан мурда көңүлүнө жаккан мыктысын кылдат тандап, жактырбаганын таназарга албай коёт.

Краб айым түгөй тандаганда анын сөөлөтүн, күч-кубатын, саламаттыгын, өң-түсүн, тырмагынын чоңдугун жана сапатын, бийлөө жөндөмүн абай салып баалайт. Ургаачы краб 20дай эркекти сындан өткөрүп, анан гана көңүл кушуна төп келген мырзаны тандаган учурлар көп байкалган.

Эркек краб мындай сынактан өткөндөн кийин бийкечке жашаган ийнинин көрсөтөт. Ал үчүн адегенде өзү «үйгө» кирип, андан соң селкини чакырат. Селкиге үйдүн ичи, жасалгасы жакса гана эркек краб менен жупташат. Эгер үйдүн ичи көңүлүнө толбосо, башка эркекке кетип калат. Кээ учурда бийкеч бозойдун ийинине башбакпай да коёт. Анын себебин биологдор дагы изилдөөгө тийиш. Демейде үйгө биринчи эркек краб, артынан ургаачысы кирет. Бирок эркеги жолду баштап баратып, босогодо ургаачыны өткөрүү үчүн четке чыга берип, анан эшиктин оозун тосуп алган учурда же ургаачы краб үйгө биринчи кирген болсо, анын жупташып, урук таштап кетүүсү 90% түзөт. Эгер сулуу ийинге жигиттен кийин же экинчи болуп кирсе, анын бул үйдө калуу мүмкүнчүлүгү 54% барабар. (Булагы: http.www.eurekalert.org, http://journals.plos.org, http.www.sciencedaily.com)

Түбөлүк иштечү батарея

Адамга өмүр бою кызмат кылчу батареянын иштөө принциби байыркы кум саатына окшош. Ал эми суюк электролиттин бир резервуардан экинчи резервуарга агып өтүүсүнө негизделген батареяларда электролитти кыймылга келтирүү үчүн клапан жана насос колдонулат. Иондук мембрана менен бөлүнгөн бул электролит электролидди бар камера аркылуу өткөн кезде анда электр потенциалы (заряддын энергиясы) пайда болот.

Түбөлүк иштечү батареянын түзүлүшү
Түбөлүк иштечү батареянын түзүлүшү

Мындай батареянын түзүлүшү татаал болгону менен анын баалуу бир артыкчылыгы бар: электролит бир идиштен экинчисине агып бүткөндөн кийин аны кайра пайдалануу үчүн суюктуктун агымын тескери жакка буруу жетиштүү.

АКШдагы Массачусетс технологиялык институтунун илимпоздору буга окшош принципти пайдаланып, түбөлүк иштечү батарея жасашты. Анын электролити оордуктун күчү менен иштейт. Андай батареяны заряддоо же кызытып алуу үчүн кум сааттай бир жагын ылдый кылып көңтөрүп коюу жетиштүү. Берегидей гибриддик сааттын келечеги кең. Себеби ал корпусу катуу жана суюк электролит менен иштеген батареялардын эң мыкты жактарын колдонуу менен жасалат. Мындай батареянын конструкциясын пайдаланып, Күндүн жана шамалдын энергиясын токко айлантып, тиричиликке колдонуу мүмкүн.

«Такыр коошпогон эки башка областка: суюктуктун кыймылынын динамикасы жана электрохимия ортосуна көпүрө сала алдык. Суюк батареялардын өздүк наркынын негизги бөлүгүн суюктукту насос менен айдап чыгарчу жабдуунун баасы түзөт. Биздин технологияда андай чыгым болбойт,» - дейт профессор Эт - Мин Чан (Yet-Ming Chiang).(Караңыз: http://news.mit.edu/)

Дыйканчылыктын өлбөс ыкмасы

Батыш африкалык дыйкандар жерди семиртүүдө 700 жыл мурда колдонгон ыкманын сыры табылса, азыркы айыл чарбасында революциялык өзгөрүш жасалат. Британиядагы Сасcекc (Sussex) университетинин окумуштуулары Либерияда 150 жана Ганада 27 кара топурактуу аябай семиз жерди изилдеген соң ушундай тыянак чыгарышты. Иликтөө органикалык көмүртек (углерод) береги жерлерде Африканын башка аймактарынан эки-үч эсе көп экенин көрсөткөн.

Кара топурак
Кара топурак

Адистердин айтымында, алдагы жерлерде дыйканчылык иштерин ургалдуу (интенсивдүү) өнүктүрүүгө мүмкүндүк кылат. Бир учурдагы тропикалык зонадагы кургак жерлер отундун күлүн, сөөктү жана тамак-аштын таштандыларын аралаштырып семиртүүнүн натыйжасында минералдарга бай кара топурактуу тилкеге айланган. “Бул байыркы технологияны калыбына келтирүү Африканын кээ бир эң жарды жана ачкачылык каптаган аймактарындагы миңдеген адамдардын жашоосун өзгөрткөнгө жарайт”,- дейт Саcсекc университетинин профессору Жеймс Файрхэд (James Fairhead). Илимпоздун пикиринде, бул бүгүнкү ааламдашуу жараяны менен коюн-колтук келген проблемаларга (бир катар өлкөлөрдөгү демографиялык жарылуудан улам элдин көбөйүүсү, климаттын өзгөрүүсү ж.б.) каршы «акылдуу» айыл чарба системасын өнүктүрүү аркылуу берилген жооп болмок.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын маалыматына ылайык, 2015-жылы дүйнөдө 795 миллион адамдын курсагы тойбойт, ал эми Африка элинин 23% ачка жашайт.

Христофер Колумбга чейинки мезгилде (Ал 1492-жылы Американы европалыктарга ачкан) Түштүк Американын Амазон түздүгүндө жашаган элдер түзгөн кара топурактуу семиз кыртыш жакында табылган. Бирок алар жерди кандай ыкма менен семиз кылганы беймаалым. Жерди берекелүү кылган бул ыкманы пайдалануу европалык оторчулар Түштүк Американы басып алгандан кийин токтоп калган.

«Африка жана Амазондогу бири-биринен алыс жана ар башка мезгилде жашаган бул эки жергиликтүү элдин обочолонуп жашаган коому бүгүнкү айыл чарба башкаруусу алиге чейин жете албаган нерсеге жеткени өтө таңкалычтуу»,- дейт изилдөөнүн жетекчиси, АКШдагы Корнелл (Cornell) университетинин илимпозу Дэвид Соломон (Dawit Solomon). (Булагы: http://www.sussex.ac.uk/, Quartz Africa-qz.com)

Майлуу тамак ден соолуктун душманы

Балтимордогу Жон Хопкинс университетинин медициналык мектебинин изилдөөсүнө караганда, адам ачкачылык кармаган учурда организм мээнин кадресе иштөөсү үчүн зарыл азыкты-глюкозаны көмүр сууларга кирбеген (углеводдук эмес) заттардан, тактап айтканда, майдан синтездеп бөлүп алат.

Майлуу шорпо (борщ) жана куйрук май (сало).
Майлуу шорпо (борщ) жана куйрук май (сало).

Глюконеогенез деп аталган бул процесстин 90% боордо, ал эми калган 10% бөйрөк менен ичегиде жүрөт. Көмүрсуулар тирүү организмдер үчүн энергиянын негизги булагы болгондуктан, организмде зат жана энергия алмашууда негизги ролду ойнойт. “Көмүрсуулар аз болгондо боор аны майдын жардамы менен өндүрөт”, - деп түшүндүрөт доцент Майкл Вольфганг (Michael Wolfgang).

Физиологдор чычканга эксперимент жүргүзгөндө боор майлуу кислоталарды кычкылдандырып, майдалап (күйгүзүп) жиберчү СРТ2 генин иштен чыгарып жиберген. Чычкан ошол абалында өлгөн эмес. Көрсө боор аталган гендин иштен чыкканы жөнүндө организмдин башка бөлүгүнө сигнал жиберип, майды майдалап күйгүзчү FGF21 белогу боордун милдетин ичеги жана бөйрөк клеткаларына жүктөгөн. СРТ2 гени иштебей калганда чычканга майлуу тамак бере башташкан. Мындан улам анын бооруна май топтолуп, акыр-аягында орган иштен чыккан да алты күндөн кийин чычкан өлгөн. Физиологдордун изилдөөсү майлуу тамак ашыкча семиз жана диабет өңдүү оор дарты бар адамдар үчүн коркунучтуу экенин айгинелейт. (Булагы: www.hopkinsmedicine.org, http://www.cell.com/)

XS
SM
MD
LG