Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Президент аткаминерлердин жоругун сындады


Социалдык тармакта талкуу жараткан Бишкек шаар прокурорунун кол чатыры.
Социалдык тармакта талкуу жараткан Бишкек шаар прокурорунун кол чатыры.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматкердин күнүнө карата куттуктоосунда айрым аткаминерлер «бай-манаптык» жоруктары менен кызматтык кадыр-баркын кетирип жатканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуусунда элге кызмат кылуу ордуна бай-манаптык жоруктары менен аты чыккан текебер аткаминерлерди сынга алды. Өлкө башчысы жогорку кызматтагылардын адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна карата коомдогу дооматтар адилеттүү айтылып жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Атамбаев бардык мамлекеттик кызматкерлерди кесипкөйлүгү менен бирге этикалык сапаттарын жакшырткан системаны түзүү зарылдыгына токтолду.

Президент Атамбаевдин мындай билдирүүсү коомчулукта айрым аткаминерлердин кылыктары сынга кабылган учурда жарыяланды.

Адам бийликти көтөрө албаса, дароо эле көрүнүп калат. Азыр айрым депутаттар элге көрүнүш үчүн бир нерсени сүйлөйт. Сүйлөгөнүн го алар сүйлөйт, ал эми уялганын эл уялат.
Кемел Ашыралиев

Буга чейин Бишкектин прокурору, өкмөттүн Оштогу өкүлү жамгырда кол чатырларын жардамчыларына карматып турганы социалдык тармактарда кызуу талкууланган эле. Өткөн аптада парламенттеги Маалымдоо каражаттарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоордун талкуусунда депутат Искендер Матраимовдун эл өкүлүнүн жүрүм-турумуна деле коошпогон осол ишаратты жанындагыларга көрсөтүп жатканы интернетке тараган. Айрым маалымдоо каражаттарында кийинки кездери мыйзам токуу демилгесине киришип алган дагы бир эл өкүлүнүн чет өлкөлүк иш сапары жалаң ачкыл суу менен коштолгону, бул өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына көлөкө түшүрчү жорук экени жазылды.

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы чакырылыштагы парламенттин депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева өлкөдө жетекчилерде, анын ичинде эл өкүлдөрүнүн арасында бийлик органдарынын кадыр-баркын түшүргөндөр арбын экенин моюнга алып, бирок ал коомдук талкууга жакшы алынбай келатканын белгилейт:

- Чындыгында эле мамлекеттик кызматкерлердин дарегине айтылган сындар негиздүү. Мисалы, акыркы социалдык тармактарда тарап жаткан кол чатырын катчыларына, жардамчыларына карматып турган жетекчилердин жоруктары туура эмес. Эми алардын аракетинде мыйзам бузуу деле жок. Бирок мамлекеттик кызматкер болгондон кийин жупуну болуп, бай-манаптык кылык-жоруктардан алыс болушу керек. Тескерисинче, өз иш-аракети, жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү болушу керек.

Ал эми коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ушу тапта мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турум маданияты аябай эле төмөн түшүп кетти, деген пикирде. Анын айтуусунда, буга айрым жетекчилердин билим деңгээлинин төмөндүгү себеп болууда:

- Айрымдар чоң кызматка барса же депутат болсо “мен элден артыкмын, каалаганымды жасашым керек” деп ойлойт. Кыргызда мындайларга карата “адамды байлык, анан бийлик берип сына” деген жакшынакай сөз бар. Эгер адам бийликти көтөрө албаса, дароо эле көрүнүп калат. Азыр айрым депутаттар элге көрүнүш үчүн бир нерсени сүйлөйт. Сүйлөгөнүн го алар сүйлөйт, ал эми уялганын эл уялат.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумун тескеген атайын кодекс бар. Анын негизинде ар бир мекемеде этика боюнча комиссиялар иштеп, мамлекеттик кызматкерге туура келбеген жорукка баргандардын жоопкерчилигин карайт.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Бирок жарандык активист Адил Турдукулов коомчулук тарабынан бир канча аткаминердин мыйзам менен этикага жатпаган кылыктары ашкереленсе да, аларга карата эч кандай чара көрүлгөн жок деген пикирде:

- Бизде бир канча чиновниктин этикага сыйбаган жоруктары аркылуу көп сынга кабылса да, алар эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, кызматтан кетпей, кайрадан жогорулаган фактылар көп. Бул коомдук көзөмөл деле болсо өз деңгээлинде эместигинен кабар берет. Мисалы, учурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууганы маңзат боюнча кармалганы тууралуу Казакстандын тиешелүү органдары маалымат берсе да, ага макул болбой эч нерсе болбогондой келатат. Ошондуктан, эч кандай чара көрүлбөгөнү үчүн бул адамдар мындай кылыктарды андан ары да улантып жатат.

Бизде бир канча чиновниктин этикага сыйбаган жоруктары аркылуу көп сынга кабылса да, алар эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, кызматтан кетпей, кайрадан жогорулаган фактылар көп.
Адил Турдукулов

Ал эми мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерди тескеген расмий орган - Мамлекеттик кадр кызматы мыйзам так аткарылып жатат деген жүйөгө макул. Ошондуктан, жаңы кодекс иштелип чыгып, анда жүрүм-турум эрежелерине талап күчөтүлгөнүн аталган кызматтын төрага орун басары Максат Эсеналиев “Азаттыкка” айтып берди:

- Жакында эле “Мамлекеттик, жарандык жана муницпиалдык кызмат” жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумун аныктаган жоболор бар. Ар бир мамлекеттик кызматкер бул мыйзамда көрсөтүлгөн этикалык нормаларды сакташы керек. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкер ар дайым өз ишинде ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына, натыйжалуулугуна, жарандардын ишенимин бекемдөөгө тийиш.

Негизинен өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкердин этикасына өтө чоң маани берилип, жоопкерчилик күчөтүлгөн. Маселен, жакында эле Жапониянын Токио шаарынын мэри кызматтык автоунаасын өз жумуштарына пайдаланганы белгилүү болгону үчүн иштен кетүүгө арыз жазды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG