Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Тамгага жашынган жемкорлук ашкере болду


Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент тендер өткөрүүдө тамгаларды чаташтыруу аркылуу колдонулуп келген коррупциялык айла-амалга бөгөт коюлганын билдирди.

Буга чейин мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында тендерлер тууралуу сынак жарыяланганда айрым сөздөр кирилл-латын тамгалары менен атайылап аралаш жазылары, мындан улам алдын ала жең ичинен макулдашылган, өң-тааныш гана фирмалар утканга мүмкүнчүлүк түзүлөрү аныкталган.

Адистердин пикиринде, мамлекеттик сатып алууда акча кымырып алуунун түркүн-түрдүү айла-амалдарын колдонуу тыйыла элек.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинин маалыматына ылайык, электрондук порталда кирилл тамгаларын көрүнүшү окшош латын ариби менен алмаштырып жазылган сөздөрү бар текстти кабыл албай турган атайын программа иштелип чыкты жана бөгөт коюунун техникалык жолу табылды. Бул тууралуу Департаменттин жетекчи орун басары Сүйүнтбек Мүсаралиев 29-июнда маалымат жыйында билдирди:

- Буга чейин порталда кээ бир сатып алуучу мекемелер кирилл тамга менен жазылган сөзгө латын ариптерин да аралаштырып ушундай ыкманы колдонуп жатышыптыр. Ошол сынакты издегендер таппай калышчу экен. Биз мындай ыкмага бөгөт койдук. Бүгүнкү күндө бир сөз жалаң кирилл, же латын тамагалары менен жазылышы керек. Мындан ары аралаштырып жазганга болбойт.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар жыл башынан бери 70тен ашык тендер тууралуу сынакты жарыяланганда ушундай ыкма колдонулганын жазып чыккан эле. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетекчи орун басары Сүйүнтбек Мүсүралиев учурда беш сынак жокко чыгарылганын маалымдады. Алардын арасында Ошто милиция кызматкерлери үчүн 220 батирден турган 12 кабаттуу үйдү куруу боюнча баасы 430 миллион сомдук тендер бар:

- Биз тендерлерин кирилл менен латын ариптерин аралаштырып жарыяланган дегендердин баарына мындайларды болтурбоо үчүн кайра карап чыккыла, ошол мекеменин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралат деп кат жибергенбиз. Ошолордун ичинде бешөө бизге расмий жооп берди. Калгандарын биз дагы иликтеп жатабыз. Чынында мындай ыкма менен тендер жарыялагандар 72ден да көп экен. Алардын баарын издеп таап жатабыз.

Ош милициясы болсо көп кабаттуу үй куруу боюнча тендер тууралуу сынак жокко чыгарылды деген маалыматты четке кагып жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, тендерге катышууну каалагандардын документтерин кабыл алуу ушул айдын этегинде аяктайт. Бир айдын ичинде уткан компания аныкталса, августтан тарта үй куруу башталат жана тендер өткөрүүдө коррупциялык айла-амал колдонулган деген доомат негизсиз:

- Атайын сайтка 30-май күнү кулактандыруу берилген. Үч күндөн кийин, 2-июнь күнү “Акчабар” сайтында кулактандыруунун 16 тамгасы латын арибине алмаштырылган деген макала чыккан. Бул боюнча биз дароо эле текшерүү жүргүзгөнбүз. Тамгалардын алмашылганы далилденген жок. Ошол макаланы жазган журналисттин айтымында, “Ош шаарындагы курулуш” деп издеш керек экен. Биз болсо түшүндүрмөдө Ош шаары деп издесе табылат деп көрсөткөнбүз. Сөзсүз түрдө “курулуш” деген сөз жазылганда табылат деп эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Экинчиден, тендерге катыша турган ар бир курулуш компаниянын электрондук дарегине тендер тууралуу сынак боюнча маалыматты да жөнөткөнбүз. Бүгүнкү күндө тендерге катышууну каалагандардан арыздар түшүп жатат. Тендер жокко чыгарылган жок. Бул жерде кулактандыруу берилер замат эле мыйзам бузулду деген доомат негизсиз.

Коррупцияга жол ачкан жылчыктар

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу электрондук портал мындан толук эки жыл мурун ишке кирген. Анын башкы максаты ачык-айкындуулукту жогорулатуу, тендер өткөрүүдөгү коррупцияны тыюу, жарандык көзөмөлдү күчөтүү болгон.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканованын баамында, мамлекеттик сатып алууларда коррупцияга жол ачкан жылчыктар бүтөлө элек. Мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жобого ылайык электрондук порталда маалыматтар толук эмес:

- Түркүн айла-амал менен документтер, протоколдор, тендердин баасы канча болду, ким менен келишим түзүлдү, тендер кандай аткарылды деген маалыматтар электрондук порталда жок. Муну болсо атайын койбой жатышат. Бул жерде ошол мамлекеттик органдан жетекчисине чара көрүлүшү керек эле. Болбосо башка жактан бирөө келип тендер өткөрүп, компанияны тандап берип жаткан жок да. Мунун баары мамлекеттик органдын ичинде болуп жатпайбы. Ушул маалыматтын баарын сайтка койсо өздөрүнүн тааныш-билиштери, өздөрүнүн компаниялары, туугандарынын компаниялары өтпөйт. Өткөн күндө да көзөмөл күчтүү болот. Эмнеге бул компания өттү, мүмкүнчүлүгү, таржымалы кандай, аны негиздегендер кимдер, буга чейин кандай иштер жасалган деген жактардын баары бат эле чыгып калмак.

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу электрондук портал ишке киргенден бери 61 миллиард сомдон ашык тендер өткөн. Быйыл жыл башынан бери жалпы баасы 18 миллиард сомдон ашык 15 миң сатып алуу операциялары жүргөн. Тендерди коштогон коррупцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик кызматтагы адамдардын туугандары, жакындары аралашпасын деген мыйзам дагы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG