"Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков жакшы иштеди, ага иш бөлмө бөлүп берүү парламенттин милдети" деп билдирди бүгүн ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкекте маалымат жыйында.
- Кошумча бир-эки кабинет кошулуп калганы үчүн коомчулук сынга алды. Бирок бийлик алмашкан убакта ар кандай ушул сыяктуу кырлаалдар болуп кетиши мүмкүн, - деди ЖК төрагасы.
Жогорку Кеңешти 5 жылга жакын башкарган экс-спикер Асылбек Жээнбеков быйыл жазында агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалышына байланыштуу төрагалык кызматтан өз арызы менен кетип, катардагы депутаттарга кошулган.
Бир нече жыл 7-кабатта төрагалык иш бөлмөлөрдү ээлеп келген Асылбек Жээнбековго андан кийин парламент имаратынын төмөнкү кабатынан 2 бөлмө бөлүнүп берилгени интернетте кызуу талкуу жараткан болчу.
Чыныбай Турсунбеков ушу тапта 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 1-сессиясынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция берүүдө. (RK)