Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Путин: Орусия НАТОго жооп кайтарат


Путин менен Лавров дипломаттар менен жолугушууда.
Путин менен Лавров дипломаттар менен жолугушууда.

Орусия президенти Владимир Путин НАТОнун Орусия чек арасына жакын жерде аскердик кубатын чыңдоо аракеттери тең салмактуулукту бузуп жатканын белгилеп, мындай аракеттерге жараша жооп кайтарыларын билдирди.

Түндүк Атлантикалык аскердик альянс Польша менен Балтика өлкөлөрүнө кошумча аскерлерин жана ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы менен антиорусиячыл ниеттерин ачыкка чыгарды, - деп билдирди Путин 30-июнда Москвада орусиялык дипломаттар менен кездешүүдө.

Орусиянын Украинадагы агрессиясынан кийин НАТО Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүнүн тынчсыздануусуна жооп кылып кошумча курал-жарак жана аскерлерди жайгаштырууну чечкен.

Орусия НАТОнун ракетадан коргонуу системасын өлкө коопсуздугуна чоң коркунуч туудурган фактор катары баалап, түштүк-батыш регионунда жаңы 3 дивизия түзүүнү көздөп жатат.

Путин Орусия өзүн-өзү коргой аларын билдирди.

XS
SM
MD
LG