Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 17:01

4-июлда Сауд Арабиядагы мусулмандар үчүн ыйыктыгы боюнча Мекеден кийинки эле экинчи орунда турган Медина шаарында жардыруу болду. Жанкечти бомбаны Мухаммед пайгамбардын мечитинин жанында жардырганын "Ал-Арабия Сауд" телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык чабуул мечиттин коопсуздук кызматы жайгашкан имаратынын жанында болгон. Социалдык тармактарга тараган видеодон унаанын күйүп жатканын көрүүгө болот. Жараат алгандар тууралуу маалымат тактала элек.

Жардыруу кечинде ооз ачуу маалында болгондуктан коопсуздук кызматкерлерине гана багытталган деген божомолдор айтылууда.

Пайгамбардын мечити Мухаммед пайгамбардын сөөгү коюлган жерде жайгашкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG