Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Президент А.Атамбаев кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады


Орозо айт майрамындагы Бишкектеги жамы журт намазынан бир көрүнүш. Теке (июль) айынын 5и, 2016-ж.
Орозо айт майрамындагы Бишкектеги жамы журт намазынан бир көрүнүш. Теке (июль) айынын 5и, 2016-ж.

Кыргызстандын мамлекет башчысы А.Атамбаев жалпы кыргыз элин ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап, орозодо дене гана эмес, жан-дүйнө менен пейил да тазарат деп белгиледи.

Президент өз кайрылуусунда Мухаммед пайгамбар чыныгы мусулман болуш үчүн дүйнөнү терең таанууга, ар кандай илимдерге ээ болууга чакыргандыгын айтып, чынында да, дүйнө таануу – өтө узак, азаптуу жол, аны жалаң гана диний ишеним менен чектебөө керек, деп белгилейт.

Мындан тышкары мамлекет башчы кыргыздар эркин мүнөзү, байыркы тарыхы, көөнө маданияты, “Манас” дастанындай мухитти жараткан тили, бейиштей керемет жери, жарашыктуу кийими менен айырмаланарын, ата-бабаларыбыз мусулманчылыктын мыкты жөрөлгөлөрүн кыргыздын салттары, үрп-адаттары менен шайкеш келтирип жашап келе жатканын айтат. Президент кыргыздар байыртадан эле фанатизм менен радикализмден алыстыгын, айкөлдүк, адал, каниет кылуу, нысап, напсини тыюу, ыймандуулук деген сыяктуу асыл түшүнүктөр эне тилибизде эзелтен бардыгын белгилеп, бул түшүнүктөр ыйык Курандын негизин түзөрүн айтат.

Ошондой эле мамлекет башчы "Ислам – тынчтыкка, ынтымакка данакер, таңуулоого муктаж эмес, Ислам - тынчылыктын, ынтымактын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн дини" деп белгилеп, кыргызстандыктарга бейпилдик, ынтымак, береке тилеген.

Ушундай эле куттуктоону Кыргызстандын парламентинин - Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков да мекендештерине жолдоп, Орозо айт майрамы менен куттуктады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG