Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан 93 киши насыя алды


Үй курулушу.
Үй курулушу.

Алгачкы ипотекалык насыя быйылкы жылы 25-мартта берилген. Жалпысы болуп, турак-жай үчүн ипотекалык насыя алууга 4741 адам арыз менен кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган компаниянын жетекчисинин орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди:

- Жалпысынан 4741 киши кайрылган. Анын ичинкен 93 кишиге 90 млн 468 719 сомдук насыя берилди. Бишкек шаарынан 17, Чүй облусунан 11, Ысык-Көл облусунан 16 киши алды. Ош шаарынан 19 киши, Ош облусунан 2 киши, Жалал-Абад облусунан 18 адам, Баткенден 5, Нарындан 3, Талас облусунан 2 киши бизден насыя алышты.

Нуржигит Үсөнакун уулу ипотекалык насыя алгандардын саны аз болуп жатышы аны алуу көп машакатты талап кылганына байланыштуу деп түшүндүрдү. Анын айтуусунда, 30-июнда мекемелер аралык комиссиянын отурумунда дагы 3783 кишинин ипотекалык насыя алуу арызы банктарга жиберилген, алардын маселеси жыл аягына чейин чечилет.

Мамлекеттик ипотекалык компания өткөн жылдын декабрь айынан тарта иштеп келе жатат. Аталган компания Кыргызстанда иш алып барган жети банк менен келишим түзүп, иштөөдө. Алардын ичинен алты банк ипотекалык насыяларды бере баштады. Мамлекеттик ипотекалык компания каражатты мамлекеттик бюджеттен алат. 2016-жылы бул үчүн 3,4 млрд. сом бөлүнгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG