Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Бюджеттен "буйтаган" ижара акысы


Бишкек
Бишкек

Бишкектеги мунипиалдык менчиктеги имараттарды ижарага берүүдөгү мыйзамсыз иштерден 2 миллиард сом бюджетке түшпөй калган.

Мындай фактылар Эсеп палатасынын текшерүүсүндө ачыкка чыкты. Ага ылайык, борбордун чиновниктери ижара акыны туура эмес эсептеп, тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзгөн эмес.

Эсеп палатасы Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жыл жана 2015-жылдагы ишмердигин текшерген. Анын жыйынтыгы менен мэрияга караштуу имараттарды ижарага берүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Бул текшерүү учурунда 2 миллиард сомдон ашуун каражат шаар бюджетине түшпөй калганы аныкталганын Эсеп палатасынын маалымат катчысы Роза Алмакунова “Азаттыкка” билдирди:

- Эсеп палатасы 2014-жылдан 2015-жылдын 30-сентябрын чейинки мезгилде Бишкек шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына жүргүзүлгөн аудитин аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча 23,3 млн сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталган. Каралып жаткан мезгил аралыгында, ижарага жана субижарага берилген турак эмес жайлар боюнча ижара төлөмдөрүн эсептөөдө тиешелүү коэффициент колдонулбагандыгынан улам жергиликтүү бюджет 2 млрд сомду жоготкону белгилүү болду.

Эсеп палатасынын аудитинин жүрүшүндө, Муниципалдык менчик башкармалыгынын каттоосунан айрым имараттар чыгарылып, ижарага алуучулар менен келишим түзүлбөгөнү, төлөмдөргө көзөмөлдүн жок болгону, ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүн азайтуу, наркын төмөндөтүп жер тилкелерин сатуулар аныкталган.

Ошондой эле аталган башкармалык 2015-жылга чейин келишимдерди каттоо, ижара төлөмдөрүн өндүрүүнү, бекитилген эрежеси жок эле өздөрү каалагандай ишке ашырганы ачыкка чыккан.

Бишкек шаардык мэриясы Эсеп палатасынын муниципалдык мекемедеги мыйзам бузуулар боюнча эскертүүлөрүн жана сунуштарын аткаруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Ошол эле учурда мэрия айрым фактылар боюнча Эсеп палатасына өз жообун берерин билдирди.

Бишкек
Бишкек

Бирок шаардык кеңештин депутаты Жапаралы Кыдыралиевдин айтымында, Муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупциялык иштер буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн:

- Биз шаардык кеңеште бир нече жолу көтөрүп, иликтөө жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында тиешелүү чара көрүү тапшырылган. Бул жаатта көзөмөлдү күчөтүү менен катар башкармалыкты өзгөртүү зарыл болуп турат. Учурда мэрия Муниципалдык менчик башкармалыгын кайрадан түзүү боюнча иштерди баштаптыр. Каникулдан келген соң кайрадан карайбыз.

Ал эми буга чейин муниципалдык мекемелердеги коррупциялык фактыларды көтөрүп келген Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өлкөдө ижарага берүүдө ачык-айкындык болбой, жаап-жашыруу фактылары кеңири жайылганын билдирди:

- Жалпысынан бул кеңири жайылган көрүнүш. Биз буга чейин маселени көтөрүп келгенбиз. Бул мекемелер 23 жылдан бери эле өздөрү жетектеп, өздөрү бөлүштүрүп, өздөрү текшергени үчүн кандайдыр бир жыйынтык чыккан эмес. Бишкек шаардык кеңешинде каралып, депутаттык комиссия аныктап чыккан.

Бишкектеги сейил багы
Бишкектеги сейил багы

Бишкектеги мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөгү мыйзамсыз иштердин ашкере болушу менен өлкөдөгү бул жааттагы маселеге көңүл бурулду.

Адистер өлкөдө ижарага берүүдө ачык-айкындык болбой, жашырып-жабуу фактылары кеңири жайылганын айтышат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары Жумадилде улуу Мурадилдин айтымында, учурда бардык имараттар такталып, алардын ижара акылары кайрадан каралып жатат:

- Учурда ижара келишимдери текшерилип, жалпысынан 150дөй узак убакытка түзүлгөн келишимдер аныкталган. 2015-жылдан тарта өкмөттүн токтому менен бекитилген жобо менен бардык мүлктөр инвентаризациядан өткөрүлүп жатат. Ошондой эле ижара акысы көтөрүлүп, аларды чогултуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Жумадилде улуу Мурадилдин маалыматына караганда, 2015-жылы республикалык бюджетке 94 миллион сомдон ашык каражат келип түшкөн.

Ал эми Бишкектеги 2 миллиард сомго эсептелген мүлктүк коррупция боюнча материалдарды Эсеп палатасы тиешелүү документтерди күч органдарына өткөрүп берди. Эми Башкы прокуратура бул мыйзам бузууларга укуктук баа берет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG