Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Кыргызстан "Центерранын" чечимине каршы чыкты


Кыргызстан Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык инвестор "Центерра" компаниясы кабыл алган соңку чечимге каршы болууда.

Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, «Центерра» Канада аймагында алтын жана жез иштеткен «Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алганын маалымдады. Бул үчүн "Центерра" өз каражатын жумшоону, канадалык "Scotia Bank» банкынан насыя алууну жана кошумча акция чыгаруу аркылуу инвестиция тартууну көздөөдө.

Өкмөт буга чейин бул операция тууралуу билбегенин, расмий катты сатып алуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин гана алганын айтууда.

"Бул келишим "Кыргызалтындын" "Центеррадагы" үлүшү төмөндөөсүнө алып келет. Андыктан Директорлор кеңешиндеги кыргызстандык мүчөлөр ага каршы добуш берди. Ошого карабастан көпчүлүктүн колдоосу менен чечим кабыл алынып калды" деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

Учурда «Кыргызалтын» бул операциянын каржылык жана экономикалык анализин жүргүзүп жатат.

Кыргыз өкмөтү буга чейин да "Центеррадагы" өз үлүшүнүн азайышына каршы экенин билдирип келген.

Кумтөр Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Ал Кыргызстандагы эң ири алтын кени. (RK)

XS
SM
MD
LG