Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапары башталат


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, визит президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен уюштурулду.

Ушул эле күнү Меркел менен Атамбаев эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү боюнча бир катар маселелерди сүйлөшөт. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда немис канцлери менен президент биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт. Меркелдин парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өлкөнүн жарандык коомчулугу менен да жолугушуусу белгиленүүдө.

Бишкекте анын Кыргызстанга келишин кубаттаган, немис лидеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн көрнөк такталар илинди. (NT)

XS
SM
MD
LG