Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Түркия: Каза тапкандардын саны 60ка жеткени кабарланууда


Түркияда ишембиге караган түнкү окуялардан кеминде 60 адам набыт кетти, алардын 17си полиция кызматкери. Бул тууралуу өлкө жетекчилиги кабарлады.

Айрым аскердик жетекчилердин өлкөдө бийликти күч менен басып алуу аракети ишке ашкан жок. Соңку маалыматка караганда, учурда бул окуяга тиешеси бар деп айыпталган 300дөй аскер кызматкери кармалды, 1 генерал жок кылынды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган мурдараак СНН каналына маегинде: “Ардактуу журналист досторум, бүгүн куралчан топтор биздин өлкөнүн биримдигине каршы чыгышты. Алар төңкөрүш уюштурабыз деп баарына ыңгайсыздык жаратышты, бул биздин улуттук эркибизге каршы жасалган көтөрүлүш. Бул үчүн ким жооптууболсо да ал биздин мыйзамдарга ылайык өз жазасын алат. Алар муну билиш керек. Бул өлкөдө улуттук эрктен башка күч жок. Өлкөнүн президенти катары көчөгө мени колдоп бир гана менин партиямдын мүчөлөрү чыккан жок. Өлкөнүн эли да алардын жазаланышын каалайт. Биздин 45 миллион шайлоочубуз гана бул өлкөнү башкара алат. Биз алардан коркпойбуз” деди.(RK)

XS
SM
MD
LG