Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Нарында табылган мадыл кайра тоого коё берилди


Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы
Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы

Өткөн айда Кочкордо айыл четинен табылган мадыл кайра тоого кое берилди. Үч аптадан бери жапайы жаныбар реабилитациялык борбордо кармалып турган.

25-июнда Кочкордун Дөң-Алыш айылында ойноп жүргөн балдар мышыкка окшош жаныбарды таап алып, зоомузейге алып барышкан. Бирок ал "Кызыл китепке" киргизилген мадыл экени аныкталгандан кийин кайра кое беришкен.

НАБУ уюмунун бүлгүнчүлүккө каршы борборунун кызматкерлери окуя болгон жерге барып, мадылды Бишкекке алып келген. Ал ачка болгондуктан төмөн жакка түшкөн болушу ыктымал деп айтылган.

Адистердин айтуусунда, бул жапайы жаныбардын так саны белгисиз. Ал тоолордо, суунун жээгинде жана токойлордо чычкан, чымчык жеп жан багат. (RK)

XS
SM
MD
LG