Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Талашка түшкөн Жайсаңдын "Манасы"


Бүбү Мариям Муса кызы китептин бет ачарында
Бүбү Мариям Муса кызы китептин бет ачарында

Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китеби экстремисттик деп табылып, ага тыюу салынды. Сот бул китеп улуттук баалуулуктарды кемсинтет жана эпосту бурмалайт деген тыянак чыгарды. Китепке каршы чыгып келгендер соттун чечимин кубаттап жатышат. Ал эми эмгектин колдоочулары муну куугунтуктоо катары баалашууда.

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды. Берүүгө кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жана КУУнун окутуучусу, профессор Курманбек Абакиров катышты.

“Азаттык”: Курманбек мырза, Кыргызстандагы бир катар адабиятчы илимпоздор, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, алардын ичинде сиз Бүбү Мариям Муса кызынын китебин “Манас” эпосун бурмалайт деп катуу сындап келе жатасыздар. Эми Жумгал райондук соту аны экстремисттик деп таап, тыюу салды. Сиз мисал келтире аласызбы, кандай экстремисттик саптар бар эле бул чыгармада?

Курманбек Абакиров: Соттун чечимин эң туура деп эсептейм, мындай чечим мурда эле чыгышы керек болчу. Бул китеп элибиздин тарыхын, каада-салтын, бүтүндөй дүйнө таанымын бурмалаган, эпосту жамынып алып, бүткүл элдик түшүнүктөргө, улуттук дөөлөткө кол салган экстремисттик чыгарма болуп эсептелет. Буга биздин көзүбүз жеткен.

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев муну кыргыз элине каршы онтологиялык диверсия деп жазган. Булар аны асмандан түшкөн, анан Манастын чоросу Жайсаң айтып берген, бул чындык дешет. Мунун өзү эле таң каларлык нерсе, же күлөрүңдү, же ыйларыңды билбейсиң. Арбак "Манасты" айтып берип жатат имиш.

Талаш жараткан Жайсаңдын "Манасы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:32 0:00

“Азаттык”: Эрнест мырза, айрым илимпоздор “Жайсаңчы” деп аталган топ бар, алар Бүбү Мариямдын чыгармасын бетине коюп алып, "Манастын" түп нускасына кол салып жатышат" деп сындап келишет. Сиздин салттуу эпоско, түп нускага караганда бул китепке артыкчылык берүүңүздүн сыры эмнеде?

Эрнест Абдыжапаров: Артыкчылык деп айтуу туура эмес. Мен кичинемден Саякбай Каралаевдин эпосу менен чоңойдум. Кийин студенттик кезде Сагынбай Орозбаковдун эпосунун төрт томдугун стипендияма чуркап жүрүп алгам. Ошону менен эс тарткам.

Бир топ жашка келгенде мына бул Бүбү Мариям Муса кызынын варианты чыкты деп ошонун кереметине кызыгып, ошону окудум. Менин пикиримде, эпостун жазылган 67 вариантынын баары элге жетүүгө татыктуу. Бул жерде юридикалык сот эмес, элдин, кудайдын, Манастын соту анын татыктуулугун чечиши керек.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG