Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Обама Клинтондун талапкерлигин чечкиндүү колдоду


АКШ президенти Барак Обама менен Хиллари Клинтон
АКШ президенти Барак Обама менен Хиллари Клинтон

Шаршембинин кечинде Демократиялык партиянын курултайында АКШ президенти Барак Обама америкалыктарды Хиллари Клинтонду шайлоого чакырды.

Ал Клинтон мамлекеттик катчы кезинде АКШ коопсуздугу үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алып, мол тажрыйба топтогонун айтты. Буга Ал-Каида террордук уюмунун лидери Усама бен Ладенди мисал тартып, ошол окуя Клинтонду президенттикке татыктуу адам катары көрсөттү деди.

“Жада калса кризис күчөп турганда да ал адамдарды угуп, баарына урмат менен мамиле жасайт. Салкын кандуулук менен иш алпарат. Бул мен билген, мен урматтаган Хиллари Клинтон. Ошондуктан, АКШ тарыхындагы президенттикке талапкерлер арасында аялы болобу, эркеги болобу, мынчалык компетенттүү адам болгон эмес деп ишенимдүү айта алам”, деди Обама.

АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG