Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Түркия: коомчулуктун көңүлүн бурган жазалоолор


Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийинки Түркиядагы жазалоо чаралары эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда. Өзгөчө массалык маалымат каражаттарынын жабылып, сөз эркиндигинин чектелиши сынга алынууда.

16-июлга оогон түнү Түркияда аскердин бир бөлүгү төңкөрүш чыгарып, ал ишке ашпай калганы белгилүү. Ошондон кийин өлкөдө камоолор күчөдү. Акыркы маалыматтарга караганда, төңкөрүш аракетине шектелип 15 миңден ашуун киши кармалган. Алардын көбү аскерлер. 60 миңден ашык кызматкер ишинен айрылды.

Түрк бийлигинин жазалоо аракетине дүйнөлүк коомчулук камтама боло баштады. Буга байланыштуу АКШнын позициясы Колорадодогу коопсуздук жыйынында да айтылды.

Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клэппер аскердик тазалоо “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ менен биргелешип кызматташууга жолтоо болуп жатканын айтып чыкты:

- Биздин көптөгөн кызматташтар иштен четтетилип, же камалышты. Мындай аракеттер Түркия менен кызматташтыкты татаалдаштырат.

Кармалгандар арасында Түркиянын НАТОдогу офицерлери, Сириядагы аскер операцияларына тартылгандар да бар. Ошондой эле Түркиядагы кызматтан алуулар жана камоолор аша чаап баратканын Германия канцлери Ангела Меркель да эскертүүдө:

- Албетте, мамлекеттик төңкөрүш аракети болгон учурда козголоңчуларга каршы конституциялык укуктун чегинде чара көрүү туура жана маанилүү. Теңдик принциби деген бар. Укуктук мамлекетте бул принцип бардык кырдаалдарда сакталышы керек. Мени демонстранттарга каршы чара көрүүдө ошол принцип сакталбай калган учурлар тынчсыздандырат.

Ал ортодо Түркия бийлиги төңкөрүштү уюштурууга айыпталган Фетхуллах Гүлендин тарапташтары деп, маалыматтык мейкиндикти да "тазалоодо”. Шаршембиде ондогон маалымат каражаттарын жабуу чечими кабыл алынды.

CNN Тurk каналынын кабарлашынча, жалпысынан 130га жакын жергиликтүү басылма жана телеканал өз ишин токтотту. Дүйшөмбүдө өлкөдөгү белгилүү журналист Назли Иличак баш болгон 41 журналистти камоого прокуратура ордер берген. 27-июлда прокуратура дагы 47 журналистти камоону көздөп жатканы кабарланды. Буга байланыштуу эл аралык журналисттерди коргоо комитети баштаган медиа уюмдар, укук коргоочулар тынчсыздануусун билдиришүүдө.

АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби "төңкөрүш аракеттерине болгон жоопту түшүнсө болот, бирок журналисттерди камакка алуу кооптуу тенденция" деди:

- Сиздер жакшы билгендей жана мен көп жолу айтып келгендей, АКШ бүтүндөй дүйнө жүзүндө сөз эркиндиги болушун кубаттайт. Кайсы бир өлкө маалымат каражаттарын жаап, же бул универсалдуу баалуулукту чектөөгө аракет кылганда көйгөй жаралат. Биз түрк өкмөтү иш-аракеттерин мыйзам үстөмдүгүн жана негизги эркиндикти коргойт деп күтөбүз.

Түркия 15-июлдагы окуяларга чейин эле сөз эркиндигин чектеген өлкө катары аталып келген. Ал эми бир нече күн мурун өлкө боюнча үч айга чукул кырдаал киргизилгенден кийин Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын күчү убактылуу токтотулары жарыяланган.

16-июлга караган түнкү төңкөрүш аракети учурунда эки тараптан биригип 250 чамалуу адам өлүп, 2 миңден ашууну жаракат алышкан.

XS
SM
MD
LG