Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Погончондордун жосунсуз жоруктары тыйыла элек


Күч органдарынын кызматкерлери
Күч органдарынын кызматкерлери

1-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде иштеген кызматкер адам өлүмүнө шектелип кармалды.

УКМКнын кызматкери жаңжалдаша кеткен кишини мас абалында бычактап салган. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасында каза тапкан. Учурда бул кылмыш боюнча иш тергелип жатат. Ысык-Көлдүн Тоң районунда адам өлүмүнө шектелип кармалган жаран Бишкек шаарынан барган.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов:

- Күч тармагында иштегендер аралашкан кылмыштарды Аскер прокуратурасы териштирет. Учурда бул ишти аталган мекемеге өткөрүп берүү процесси жүрүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда. Азырынча айрым фактылар боюнча гана маалыматтар белгилүү.

Ал ортодо Токмок шаардык жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлерине кылмышка шектүүлөрдү кыйноо жолу менен моюнуна алдырганы үчүн иш козголуп сотко өттү. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында шектүүлөрдүн кылмышка тиешеси жоктугу аныкталган.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ал эми өткөн аптада адам уурдоого байланыштуу Жалал-Абад милициясынын кызматкери кармалганы белгилүү. Байкоочулар күч кызматында иштеген кызматкерлердин кылмыштарга аралашып жатканы көндүм адатка айланып баратканын сындап келишет.

Жаш активист Алымбек Өмүрзаков погончондордун жосунсуз жоруктарына көп эле күбө болуп жүргөнүн айтат. Өмүрзаков күч кызматкерлеринин жөнөкөй тартип бузганы эле эмес, оор кылмышка аралашканы деле жазасыз калып жатканына нааразы.

- Бул көрүнүш жаңылык деле болбой калды. Өз кызматынан пайдаланып үстөмдүк кылганга көнүп алышкан. Бул ошол күч тармагында иштегендердин жамаатында ушундай түшүнүк калыптанган. Бизге баары боло берет дегендей жүрүшөт.

Кылмышты азайтуу боюнча эл арасында түшүндүрүү ишинен бир көрүнүш
Кылмышты азайтуу боюнча эл арасында түшүндүрүү ишинен бир көрүнүш

Бул өңдүү окуялар милициянын жана барктуу деп саналган коопсуздук кызматынын беделин түшүрүп жаткандай. Эс алуучу жайларда ичимдик ичип алып чатакташкан, жеке чырлары үчүн кызматтык күбөлүгүн көтөрө чапкан окуялар дагы эл арасында айтылып келет.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков мындай көрүнүштөрдүн себебин кадрларды тандоо системасынын бузулгандыгынан көрөт. Күч түзүмдөрүндө да өлкөдөгү башка тармактарындагыдай эле тааныш-билиш менен жумушка киргендер толтура.

- Күч органында иштеген адам кайсы жерде болбосун мыйзамдын өкүлү. Тойдо болобу, эс алууда жүрөбү - башкалардын коопсуздугуна көз салат. Мисалы, илгери коопсуздук кызматына иштөө үчүн үч жыл текшерүүдөн өтчү. Азыр текшерүү иштери солгундады. Кызматка алып жатканда анын кара күч жагын гана текшербей мүнөзүн, токтоолугун кошо карашы зарыл. Ал эми азыр тааныш-билиштер менен киргендер көп.

Бул көрүнүш жаңылык деле болбой калды. Өз кызматынан пайдаланып үстөмдүк кылганга көнүп алышкан.

Бирок күч органдарындагылар мындай пикирлерге макул эмес. Алар кадрларды кызматка алуудагы тандоо кара күч, психологиялык жактан дыкат текшерилерин белгилешет. Ошондой эле маал-маалы менен түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп турат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Олжабоай Казабаев:

- Милицияга ишке кирерде кызматкер Аскер комиссиясынан тыкыр текшерилет. Анын кара күч, психологиялык жактары эске алынат. Милицияда кызматкерлерди ар дайым мыйзам менен иштөөнү эскертип турат.

Учурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жаңы кызматка киришип жатып милициядан жарандарга жумшак мамиле кылууну талап кылганы бар. Өткөн айда уюшкан кылмыштуу топторго шектүү делген айрым милиция кызматкерлерин жумуштан бошоткон.

Өлкөдө күч органдары реформага муктаж деп айтылып келтканына он жылдай болду. Реформага карата аракеттер, кандайдыр бир долбоорлор башталганы менен, азырынча натыйжасы билине элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG