Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

С5+1: Кыргызстан АКШдан инвестиция күтөт


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

Вашингтондо Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери жана АКШ мамлекет катчысынын катышуусунда С5+1 форматындагы саммит өтүүдө. Акыркы жылдары Кытай, Орусиянын таасири күчөгөн чөлкөм менен АКШ да былтыртан бери кызматташтыгын күчөтүүнү көздөөдө.

Вашингтондогу жолугушуу өткөн жылы күздө Самарканда өткөн саммиттин уландысы. Күн тартибине экономика, экология жана коопсуздук темалары коюлган.

С5+1 форматынын алкагында АКШ Борбор Азия менен мына ушул үч маанилүү тармак боюнча кызматташтыгын жандантууну көздөөдө. Жыйында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри ага кененирээк токтолду:

- Баарлашуубуз көрсөткөндөй, биздин мамилелерибиз аябай кеңири. Алар жөн гана өкмөттөр ортосундагы кызматташтык менен чектелбей, экологиялык таза энергия иштеп чыгаруу, маалымат технологиялары, каржылык кызмат көрсөтүү жана башка тармактардагы өнөктөштүктү да камтыйт. Биз аны дагы өнүктүрөбүз. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар бир министри бүгүн АКШнын Энергетика министри Эрнест Мониз менен жолугуп, жаңы инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сөздөн ишке өтүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын кызыкчылыктарын атады:

- Кыргызстан үчүн эң маанилүү кызыкчылыктар бул соода катнашын жандантуу менен суу-энергетика жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү. Мындан ары декларациялардан жана талкуулардан иш жүзүндөгү, конкреттүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра баштоо зарыл. Биз ошондой эле жаңы технологияларды жана заманбап усулдарды колдонгон америкалык компанияларды биздин регионго тартууга кызыкдарбыз.

Вашингтондо С5+1 саммити өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Борбор Азиядагы постсоветтик беш өлкөгө акыркы он жылдыкта Кытайдын экономикалык таасири артты. Маселен, Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлор Кытайдын катышуусунда ишке ашырылууда.

Ошондой эле ал өлкөлөргө Орусиянын саясий-экономикалык таасири күч. Айрымдарында орус аскер базалары да жайгашкан. Орусия таасирин чөлкөмдө басымдуулук кылган бийликчил маалымат каражаттары аркылуу да бекемдөөдө. Ал маалымат булактарын эл аралык, көз карандысыз медиа уюмдар пропагандачыл, бир жактуу деп сындап келишет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри (ортодо) жана Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери былтыр 1-ноябрда Самаркандда да жолугушкан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри (ортодо) жана Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери былтыр 1-ноябрда Самаркандда да жолугушкан.

АКШ мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жошуа Бейкер жолугушуу алдында “Азаттыкка” сүйлөп, ушул маселе да Вашингтондогу жолугушууда көтөрүлөрүн ырастады:

- Биз Орусия өкмөтү “кансыз согуш” учурундагыдай эле өз маалымат каражаттарын көзөмөлдөйт деп эсептейбиз. Ошол эле учурда Борбор Азияда маалымат алууга жетиштүү мүмкүнчүлүк жок. Бул ал жакта жалаң америкалык ММКлар болсун же көбөйсүн дегенди билдирбейт. Биз казак, түркмөн, өзбек, кыргыз жана тажик эли эркин маалымат алуу укугуна ээ болсо дейбиз. Эгер кимдир бирөө “Независимая газетаны” окуп, НТВны көргүсү келсе, албетте, каршылык жок. Бирок, чынында орусиялык маалымат каражаттары ал элде басымдуу болбошу керек.

Борбор Азия боюнча талдоочу Брюс Панниер АКШ Ооганстандагы операцияларына Борбор Азия аркылуу транзиттик жүктөрүн өткөрүп турарын белгилейт. Ушул жана башка кызыкчылыктар, ошондой эле чөлкөмдөгү адам укуктарынын абалы Кошмо Штаттарды тыгызыраак кызматташууга түртүүдө дейт ал.

XS
SM
MD
LG