Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Түркия менен Австрия кайым айтышууда


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Австрияны “радикалдуу расизмдин борбору” деп сынга алды. Бул Австрия канцлери Кристиан Керндин Түркияны Евробиримдикке кошуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарарын демилгелейм дегенине жооп болду деп кабарлайт "Рейтер".

Шаршембиде Керн Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийинки адам укуктарынын бузулушунан улам ушундай пикирин билдирген.

Чавушоглунун жума күнкү билдирүүсүнө Австрия Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарып, Анкарага “үй тапшырмаларын жакшы аткарууга” жана билдирүү жасоодо кылдат болууга кеңеш берди.

Бул арада Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр токтотулбасын айтты.

Биримдикке кошулуу үчүн Түркия Еврокомиссиянын 70тен ашуун талаптарын аткарышы шарт. Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын ишмердигин убактылуу токтотуп, өлкөдө өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөрүшкөн.

Брюсселдегилер адам укуктары сакталбаса, өлүм жазасы колдонулса Түркиянын биримдикке кириши мүмкүн эместигин айтышкан.

XS
SM
MD
LG