Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Түркия ЕБны качкындар менен коркутту


Түркиядагы качкындар
Түркиядагы качкындар

Түркия визасыз режим боюнча Евробиримдикке шарт коюп, ал аткарылбаса качкындар боюнча түзүлгөн келишимден чыгарын билдирди. Бул арада Сириядагы согуш күчөп, качкындар агымы токтой элек.

Сириядагы согуш акыркы күндөрү айыгышкан мүнөздө жүрүүдө. Качкындардын агымы дале токтой элек. Бирок алар үчүн Европаны эшиги бекем жабылуу. Бозгундар тагдырын чечүүчү Евробиримдик -Түркия келишими да жокко чыгарылчудай болуп турат.

Төңкөрүш аракетин уюштурду деп миңдеген адамдарды жазалап, Орусия менен мамилесин оңдоп баштагандан кийин Түркия бул маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.

ЕБ-Түркия ортосунда мартта жетишилген келишимге ылайык, Жакынкы Чыгыштагы согуштан бозгон элди аймагында кармап туруусу үчүн Түркияга үч миллиард доллардан ашуун евро убада кылынган. Түркиялыктар Шенген аймагына визасыз каттап калышмак. Бирок, бул алигиче ишке аша элек. 9-августта Түркиянын Евробиримдик боюнча министри Өмөр Челик мына ушуга байланыштуу өз талаптарын Haberturk телеканалына берген маегинде ачык айтты:

- Биздин визасыз режим боюнча позициябыз ачык. Бизге бул датада визасыз режим болот деп, бир убакыт айтылбаса, бозгундарды артка кайтаруу макулдашуусун колдобойбуз. Сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырбайбыз дагы. Азыр силер Европа Биримдигин коркутуп атасыңарбы деп жатышат. Биз эч кимди коркуткан жокпуз. Коркутуу, опузалоо дегендер бул сөздөрдүн маанисин аңдоо үчүн айрым бир европалык аткаминерлердин билдирүүлөрүн карап көрсө.

Ал эми Евробиримдик Түркиянын терроризмге каршы мыйзамдары өтө катуу жана кенен түшүнүктү камтыйт, алар аркылуу бийликтин оппоненттерин камоого жол ачылат деп, жумшартууну талап кылышкан. Ал ишке ашпаса келишим да толук аткарылбасы айтылган.

Түркиядагы качкындар лагериндеги балдар
Түркиядагы качкындар лагериндеги балдар

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган буга кескин каршы. Тескерисинче, июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин аны уюштурууга айыпталгандарды террорист атап, жазаны катуулатты. Ал тургай өлүм жазасын киргизерин бир нече ирет кайталады. Өлүм жазасын киргизген өлкө менен келише албасын Европадагылар да катуу айтууда.

Айрым маселелердеги пикир келишпестиктерге карабай, келишим жарым-жартылай иштеп баштаган. Греция босогосундагы жабык чек аранын алдында акыйган бозгундар жапырт Түркияга кайтарылбаса да, Сириядан качып келгендер түрк аймагынан жай табышты.

Түркиянын расмий статистика кызматы өлкөгө өткөн жыл аягынан бери 2,5 миллион сириялык киргенин жазууда. Бирок, алардын 265 миңи гана убактылуу коргонуу борборунда жайгаштырылган.

Бозгундардын баары камкордукка алынбаганына Эрдоган Европаны айыптап келет. 9-августта Орусия президенти менен жолугушуудан кийин аны дагы кайталады:

- Европа жардам бере элек. Буга чейин беребиз деген акчасы да дайынсыз. Бириккен Улуттар Уюмунан 500 миллион доллар келди. Биз чынчыл болуп, айтканыбызды аткардык. Евробиримдик сөзүнө турган жок. Биз айтканыңарды аткаргыла, бирдикте иш кылалы деп атабыз.

Путин менен Эрдоган 9-августта Санкт-Петербургда жолугушту.
Путин менен Эрдоган 9-августта Санкт-Петербургда жолугушту.

Бозгундар боюнча келишим Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна карай чоң кадам болмок. Арийне, ушу тапта айрым биримдиктеги өлкө лидерлери, маселен, Австриянын канцлери жакынкы келечекте Түркия мүчө болуп кириши күмөн дей башташты. Канцлер мүчөлүк маселесин талкуулоону токтотууну сунуштаарын да айткан.

Ошол эле учурда Евробиримдик Челиктин кечээги билдирүүсүнө да жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG