Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Назарбаевдин кызы кара куурай айдатты


Дарига Назарбаева
Дарига Назарбаева

Казакстан кара куурайдан кагаз жана медициналык каражаттарды өндүрүүгө батыл кирише баштады. Азырынча өлкөнүн төрт облусуна кара куурай эгүү тууралуу жергиликтүү бийликтерге тапшырма берилди. Бул демилгени казак президентинин кызы Дарига Назарбаева ишке ашырууда.

Казак өкмөт башчысынын орун басары, казак президентинин кызы Дарига Назарбаева өлкөдө кара куурай өндүрүшүн баштоо демилгеси менен чыкты. Ал кара куурайды медициналык жана чарбалык керектөөгө колдонуу маселесин чечүү боюнча өкмөт мүчөлөрүнө тапшырма берди. Назарбаеванын айтымында, Казакстан кара куурай өндүрүшүн жолго коюп, кагазды сырттан сатып алууну токтотушу керек.

- Казакстанда кагаз чыгаруучу бир дагы өнөр жай жок. Кагаздын бардык түрүн биз сырттан сатып алабыз. Бул бизге өтө кымбатка түшүп жатат. Ошондуктан Казакстанда кагаз өндүрүшүн түптөө өтө зарыл, - деген вице премьер-министрдин сөзүн казак өкмөтүнүн расмий сайты жарыялады.

Дарига Назарбаева кара куурай өндүрүүнү мыйзамдаштыруу демилгеси менен биринчи жолу 2014-жылы чыккан. Ал ошол кезде кара куурайды өстүрүүнү медициналык каражаттарды өндүрүү максаты менен негиздеген болчу.

Таластын Көк-Сай айылындагы кара куурайды оруп, жок кылуу иштери. 19-июнь, 2013.
Таластын Көк-Сай айылындагы кара куурайды оруп, жок кылуу иштери. 19-июнь, 2013.

​Эми ал өкмөт мүчөлөрүн кеңешмеге чогултуп, кара куурай өндүрүшү боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүүчү компанияларга лицензия берүүнүн тунук механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Бул иштердин баарын БУУ конвенциясына каршы келбегендей кылып уюштуруу керектигин буйруду.

- Мен кара куурайга болгон эски көз караштарды кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Анткени бул чөп пайдалуу айыл чарба продукциясы экени далилденди. Канада, Израил, Голландия жана Чехияда кара куурайдан дары-дармек, кагаз, кездеме, косметикалык каражаттарды өндүрүп жатышат. Биз кара куурай өндүрүшүн мамлекеттин катуу көзөмөлү астында ишке ашыруубуз керек.

Буга улай Казакстандын инвестиция жана өнүгүү министринин орунбасары Альберт Рау кара куурай өндүрүшү учурунда бөлүнүп алынган маңзаттарды жок кылуу механизми сунушталганы тууралуу билдирүү таратты.

Кара куурай
Кара куурай

Назарбаева курган жыйында Түштүк Казакстан, Алматы, Караганда жана Түндүк Казакстан облустарына кара куурай айдалганы ачыкка чыкты. Назарбаеванын айтымында, кара куурайдын биринчи түшүмү аны кайра иштетүү технологиясын иштеп чыгуу үчүн АКШ, Германия, Кытай жана Белгияга жиберилет.

Казакстанда учурда «Кагаз шахары СЭЗ» аттуу ишкана кара куурайдан кагаз өндүрүү багытында изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Ишкана бир жылда 10 миң тонна кагаз өндүрөрүн убада кылууда. Казакстандын Чу өрөөнү жана Жамбыл облусунда 130 миң гектар аянтта жапайы кара куурай өсөрү расмий айтылган.

Негизи кара куурайдан дары-дармек, косметикалык каражаттар, кагаз жана кездеме сыяктуу 25 миң түрдүү продукция өндүрүлөт. Кыргызстанда болсо кара куурай өндүрүүнү учурунда «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов жана белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев сунуштап, бирок ал демилге колдоо тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG