Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Сирияда тынчтык режими бузулуп жатканы айтылууда


Сирия
Сирия

Сириянын куралдуу оппозициясы Алепподогу үч сааттык тынчтык режими башталбай жатып бузулганын билдирди. Режимди 11-августта Орусия киргизген.

Козголоңчу “Жайш аль-Наср” тобунун өкүлү Мохаммед Рашид “бүгүн эртең менен өкмөттүк күчтөр Рамоуса аймагына басып кирүүгө аракет кылышты. Ал жакта орусиялык аскер учактары да күчөтүлүптүр” деп режим убактысы башталгандан бир сааттан кийин айтып чыкты.

Сирия президенти Башар Асадды колдогон Орусия гуманитардык жардам жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн ок атышуу күн сайын күндүзгү ондон түшкү бирге чейин токтотуларын жарыялаган.

БУУнун маалыматында Алеппонун айланасында эки миллиондой адам азык-түлүк жана тиричилик буюмдарына муктаж. Ошондой эле БУУ үч сааттык тынчтык аларга жардам жеткирүүгө аздык кылат деп сынга алды.

XS
SM
MD
LG