Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

БШК ала турган үкөк миллионду чапчыды


4-октябрь, 2015-жыл
4-октябрь, 2015-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы 300 миллиондой сомго кошумча электрондук үкөк сатып алганы жатат.

Тендер өтөрү тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтына 11-августта жарыяланды жана жеңүүчү компания 15-августта эле аныкталмакчы. БШКнын ири суммадагы тендерди шашылыш өткөрүп жатканы жана кошумча электрондук үкөктөр боюнча бир топ суроо жаралды.

11-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кошумча электрондук үкөктөр сатылып алынарын чукул жарыялады. Мындан улам тендер боюнча сынактын жыйынтыгы 15-августта, дем алыш күндөрдү кошпогондо эки күндөн эле аныкталары маалым болду. Шайлдабекова үкөктөр Европа Биримдиги грант катары берген 5 миллион еврого сатылып алынарын билдирди. Мындай шашылыш иш-аракеттер кыргыз бийликтери атайын мыйзам кабыл алына элек болсо деле референдум өткөрүүгө батыл даярдана баштады деген сөздөрдү жаратты.

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

Шайлдабекова менен байланышып эмнеге тендер чукул жарыяланганы, Европа Биримдиги бөлгөн акча Борбордук шайлоо комиссиясынын бюджетине киргенби же жокпу деген суроолорго жооп алалган жокпуз.

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев тендер тууралуу 11-августта гана угушканын “Азаттыкка” билдирди. Ал кошумча электрондук үкөктөр керек экенин айтты:

- Бир үкөк дайыма болушу керек. Ал эми экинчиси резервде турушу зарыл. Ошондуктан бизге 5700 үкөк керек. Бизде 240тан ашуун шайлоо участоктору бар. Азыр коюлуп жаткан үкөктөрдүн 200үн Кореядан грант катары алганбыз. Дагы 700ү Швейцариядан грант катары берилген. Азыр үкөктөр жетишпейт.

Дүйнөдө бир топ мамлекеттер муну колдонуудан баш тартып жатса, биз тескерисинче миллиондорду коротуп колдонгону жатканыбыз туура эмес.
Ишенбай Кадырбеков

“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекованын пикиринде, электрондук үкөктөр шайлоо жараяндарынын ачык-айкындуулугуна чоң салым кошот:

- Биринчиден, канча адам келди, канча бюллетень салынды деген маалыматтар алдын ала жөнөтүлөт. Мындай үкөктөр менен добуштарды алдын ала санаганда так болот. Андан сырткары бюллетендерди таңгактап салууга бөгөт коёт. Мен билгенден БШК шайлоо участоктордун баарын үкөк менен камсыз кылган болчу. Бирок мен дагы канчасы жетпей жатканын билбейм. Мүмкүн кошумча үкөктөр болушу керектир. Анткени адамдар топтошуп калганда кезекке туруп калган учурлар болгон. Мындай үкөктөр негизи сөзсүз керек. Мына азыр референдум өткөрүү тууралуу талкуу болуп жатат. Ошондуктан референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп калса ошондо аябай керек болот.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Ишенбай Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп турганда электрондук үкөктөрдү колдонууга каршы чыккан болчу. Ал мындай техниканы колдонуу опурталдуу жана ишенимсиз деп эсептейт:

- Мындай үкөктөрдүн бир жаман жери хакерлердин кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Шайлоо болобу, референдум болобу, анын жыйынтыгын бурмалаганга шарт болуп калышы мүмкүн. Ушундай программалар бар. Экинчиден, эгер ал программага бирөө кирип бузуп кетчү болсо анда ошол үкөктөрдүн баары жөнөкөй эле керексиз темирге айланып калат. Анан мындай үкөктөрдү добуш берүү бүткөндөн кийин сактай турган жай жок. БШК буга чейин факстарды сатып алды эле, азыр анын теңинен көбү иштебей, жараксыз болуп турат. Мындай үкөктөрдү колдонуу ушундай опурталдуу жагдайлардан улам коомдо ишенбестик да жаратышы мүмкүн. Дүйнөдө бир топ мамлекеттер муну колдонуудан баш тартып жатса, биз тескерисинче миллиондорду коротуп колдонгону жатканыбыз туура эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы 300 миллиондой сомго электрондук үкөк сатып алганы жатканы коомчулукта талкуу жаратты. Жарандык активист Айбек Мырза бийликти миллиондогон сомду максатсыз коротуп жатат деп айыптады:

- Азыр бизге референдум өткөрүүнүн зарылдыгы жок. Элибиз жакырчылыкта жашап жатат, муктаждыктар өтө көп. Мисалы, ошол акчаны эки районго бөлүп, бир өндүрүш ачканга, элге жумуш орун түзүп бергенге жумшалса жакшы болмок. Өндүрүшкө, элдин керегине, маанилүү иштерге келгенде эле акча жок деп, ал эми ушундай жеке кызыкчылыкты ишке ашырууга, мамлекет башчылар бийлигин сактап калууга дароо акча таба калышканы өкүндүрөт.

Кыргызстанда электрондук үкөк былтыр парламенттик шайлоодо биринчи жолу колдонулган эле. Быйыл күзүндө жергиликтүү кеңештердин басымдуу бөлүгүндө шайлоо өтмөкчү. Эгер Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу Жогорку Кеңеште колдоо тапса, анда шайлоолор менен референдум да болот.

XS
SM
MD
LG