Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Оппозиция Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы


Жыйындан бир көрүнүш
Жыйындан бир көрүнүш

Кыргызстанда айрым оппозициячыл топтор менен жарандык активисттер Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгышты.

Алар азыркы бийликти Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүп, башкарууну сактап калууну максат кылып жатканын белгилеп, бийликти узурпациялоого каршы кыймыл түзүүнү сунуштоодо. Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн бийликчил партиялар оппозициялык топтордун дооматтарында негиз жок экенин айтууда.

Баш мыйзам өзгөртүүгө каршы талкуу "Конституция. Кайда баратабыз?" деген аталыш менен бүгүн Бишкекте өттү. Ага саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Талкууда сөз сүйлөгөндөр Жогорку Кеңештеги Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер бийликтин өз ыйгарым укуктарын кеңейтип, аны толугу менен басып алуу максатын көздөөрүн айтып жатышты.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамдарды бузуу менен ишке ашырылганы жатат. Анын айтымында, конституциялык реформаны атайын кеңешме түзүп, кеңири талкуу жолу менен ишке ашыруу зарыл болчу:

- Буга чейин Конституциябыз бир топ өзгөргөн, жаңы Баш мыйзам да кабыл алынган. Бирок авторитаризм күчөп турган учурда дагы азыркыдай окуя болгон эмес. Анткени Конституция деген негизги мыйзам болгондон кийин көз боёмочулук кылышса да коомчулукту, окумуштууларды чогултуп, ошолор иштеп чыкты деп долбоор сунушталчу. Азыр болсо Баш мыйзамга эмне өзгөртүүлөр киргизилери да белгисиз бойдон тар чөйрөдө гана иштелип чыкты. Мен ачып көргөндө эле таң калдым. Биринчи беренеге жогорку баалуулуктар деп өзгөртүүнү киргизип жатат. Аны менен башкалардын укугун чектеп салышы мүмкүн. Биринчи берене деген Баш мыйзамдын эң маанилүү бөлүгү. Аны жөндөн-жөн эле өзгөртүп салууга болбойт.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Ал эми талкууга катышкан депутат Чолпон Жакупова парламенттеги бир катар депутаттарды кысымга алышып Конституцияны өзгөртүүгө кол чогултуп жатканына токтолду:

- Депутаттардын көбү өз алдынча чечим чыгара албайт. Алар бирөөлөрдүн “кайырмагына" илинишкен. Биз ушундай системаны жаратып алдык. Ошондуктан биринчи кезекте коомдук пикирди жаратуу керек. Конституцияны өзгөртүү менен биз кайда баратканыбызды элге түшүндүрүү зарыл. Биз артка, авторитардык, бейстабилдүү доорго баратканыбызды айтышыбыз кажет.

Жыйынтыгында талкууда айтылган сунуштардын негизинде Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы атайын жумушчу топ түзүлдү. Мындай сунуш менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров чыгып, аймактарга чыгып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жумушчу топ “Бийликти узурпациялоого жол бербөө” деген ураан менен иштейт.

Анын курамында Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Чолпон Жакупова, Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Рита Карасартова жана Мавлян Аскарбеков бар.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, бул жумушчу топ Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы мындан аркы кадамдарды иштеп чыкмакчы:

- Жумушчу топ жети адамдан турду. Бул топ жакынкы убакытта Конституцияны өзгөртүүгө каршы иштердин планын иштеп чыгат. Экинчиден, тегерек үстөлгө чогулгандардын негизги урааны “Бийликти узурпациялоого жол бербейбиз” деген болот. Мына ушул ураандын негизинде Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы иштерди жүргүзөбүз.

Конституцияны өзгөртүү менен биз кайда баратканыбызды элге түшүндүрүү зарыл. Биз артка, авторитардык, бейстабилдүү доорго баратканыбызды айтышыбыз кажет.

Буга чейин парламенттеги Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Анда негизги максат өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү, соттук реформаны тездетүү деп айтылган. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Учурда Баш мыйзамдарды өзгөртүүлөргө арналган мыйзамдар коомдук талкууга коюлган.

Конституция өзгөртүүнүн негизги демилгечиси болгон Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов оппозициянын бийлик авторитаризмге ыктады деген айыптоону четке какты:

- Авторитардык башкарууга кетип бара жатат деген айыптоолорду мен түшүнбөйм. Биз сунуштаган өзгөртүүлөргө эч кандай бийликти күчөтүүгө негиз жок. Президент Алмазбек Атамбаев да бийликте калбайм, өз мөөнөтүндө кетем деп ачык эле айтып жатат. Экинчиден, депутаттарды бирөө мажбурласа, алардын оозу, тили бар. Бизде сөз эркиндиги бар, массалык маалымат каражаттары турат. Депутат катары парламенттин трибунасынан айтып чыгышсын. Андай болбогон соң негизсиз сөздөрдү айтууга болбойт.

Дүйшөмбүдө маалымат жыйын өткөргөн президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн соң парламент тарабай турганын жана өзү бийликтен кетсе да "мураскор" даярдабай турганын билдирген эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG