Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Рио-2016: дзюдочу Юрий Краковецкий чейрек финалда таймашат


Юрий Краковецкий
Юрий Краковецкий

Ушул күндөрү Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий чейрек финалдык таймашта күч сынашат. Краковецкий бүгүн, 12-августта 100 килограммдан жогорку салмакта биринчи беттешинде германиялык Андре Брейтбарх менен таймашып, эки мүнөттүн ичинде таза иппон менен жеңишке жетти. Жарым чейрек финалда украиналык Йаков Хаммо менен беттешип, 2 мүнөт 48 секунд аралыгында атаандашын утуп алды. Чейрек финалда Краковецкий өзбекстандык Абдулло Тангриев менен күч сынашат.

Бүгүн, 12-августта кыргызстандык жеңил атлетчилерден Дарья Маслова 10 миң метрге жарышка чыкты. Маслованын таймашы Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:10до башталды.

21-августка чейин улана турган Олимп оюндарында алдыда балбандар Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Руслан Царев, Магомед Мусаев жана Айаал Лазаревдин таймаштары бар. Ошондой эле жеңил атлетчилер Илья Тяпкин, Юлия Андреева, Ксения Полюдина, Мария Карабицкаялар да катышат.

9-августта 23 жаштагы оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен мекенине кайтты. Жалпысынан Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Буга чейин алардын бешөө оюндардан четтеген. (ECh)

XS
SM
MD
LG