Күрт автономдуу аймагынын Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө караганда, АКШ колдогон күрт күчтөрү Мосул шаарына карай бараткан жолдо дагы бир нече кыштакты тазалоону максат кылып жатышат.
Кечээ эртең менен башталган операция учурунда алар “Ислам мамлекети” тобу ээлеп турган Мосул шаарынын чыгышынан беш кыштакты бошотушту.
Аларга АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көргөзүп, жалпысынан 50 чакырым чарчы аймак экстремисттерден тазаланды.
Ирактын экинчи ири шаары - Мосулду “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдын орто чениндеги кандуу чабуул учурунда басып алган эле. Премьер министр Хайдер ал-Абади шаар быйыл жыл соңуна чейин бошотуларын убада кылууда. (UE)