Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 14:33

Орусияда белгилүү адвокаттын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды


Марк Фейгин

Адам укуктары боюнча адвокат Марк Фейгин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салууну Крым татарларынын кызыкчылыгын Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Варшавадагы жыйынында коргоосуна тоскоолдук жасоо деп билдирди.

18-августта тыюу салган чечимдин сүрөтүн Твиттерге жарыялаган Фейгин, тыюунун максаты - Украинага баруусуна чек коюу экенин кошумчалаган. Марк Фейгин Орусия абагында эки жылдай кармалган Надежда Савченконун адвокаты болгон. Орус бийлиги Фейгиндин сыртка чыгуусун чектөө анын карызына байланыштуу деп белгилеген. Фейгин ал кандай карыз экенин айткан эмес. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG