Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Аксыда Үңкүр-Тоого байланыштуу митинг өттү


Райондук администрация алдына бүгүн 100дөй адам чогулуп, бийлик Үңкүр-Тоо маселесин эртерээк чечүүсүн жана өзбек милиционерлерин ал жерден чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Чогулгандар телемунара жайгашкан Үңкүр-Тоо узак убакыттан бери кыргыз жери экендигин билдирип, бул жагдай оң жагына чечилиши керектигин айтышты. Жашоочулар менен район акиминин орун басары жана Кербен шаарынын мэри жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана бүгүн кечке чейин маселе чечилерин билдиришти. Жагдай боюнча тургундарга кошумча маалымат берилери айтылган соң чогулгандар тарап кетишти.

22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG