Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Эл аралык сот Орусияны паралимпиадага катыштырбоону чечти


Орусиянын паралимпиада курамасынын мүчөсү
Орусиянын паралимпиада курамасынын мүчөсү

Эл аралык спорттук арбитраж Орусияны паралимпиадага катыштырбоону чечти. Швейцариянын Лозанна шаарында жайгашкан арбитражга Орусия кайрылып, Эл аралык паралимпиада комитетинин чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн болчу. Бирок бул өтүнүч канааттандырылбаганы бүгүн белгилүү болду.

Быйылкы оюндарга Орусия катышпай турганын, буга Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) “Орусияда спортчулар арасында кызытма колдонуу мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп, ар тараптан колдоого алынып келгени” тууралуу доклады себеп болгонун 7-августта Эл аралык паралимпиада комитетинин жетекчиси Филип Крэйвен билдирген болчу.

Ал эми Орусия Эл аралык паралимпиада комитетинин бул чечимин өтө катаал жана адилетсиз деп атаган.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында жаны эле аяктаган дүйнөлүк жайкы олимпиаданы улай сентябрь айында ушул эле жерде паралимпиада оюндары болот. Дүйнө жүзүнүн жүздөгөн өлкөлөрүнөн майып адамдар спорттун 30дан ашуун түрү боюнча таймашат. Оюндар 7-сентябрда башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG