Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Үңкүр-Тоо: бийлик күнөөкөр издей баштады


Президент Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолукту. 24.08.2016
Президент Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолукту. 24.08.2016

Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоого байланыштуу чырлуу жагдайга мурунку бийлик күнөөлүү экенин кыйытты.

24-августта өзүнүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы менен тышкы иштер министрин кабыл алып жатып чек арадагы тактала элек жерлерди экс-президенттер, ошол кездеги кызмат адамдары коңшулардыкы деп тааныган фактылар чыгып жатканын, алардын кээ бирин өзү деле эми билгенин айтты.

Курманбек Бакиев президент болуп турганда Тышкы иштер министрлигин жетектеген Аликбек Жекшенкулов бул дооматтарды четке какты.

Ал арада Аксы районунда айрым жергиликтүү тургундар Коомдук биринчи каналды Үңкүр-Тоо боюнча жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат деп айыптап, бийликке кайрылуу жасады.

Президент Алмазбек Атамбаев аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып жатып чек ара маселеси боюнча бардык эл аралык келишимдерди, эки тараптуу макулдашууларды, протоколдорду иликтеп чыгууну тапшырды.

Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун билдиришинче, анда Атамбаев айрым мындай документтер мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо да, келечектеги макулдашуунун негизин түзүп калгандыктан чек ара маселелеринде улуттук таламды талашууда кыйынчылык жаралып жатканын айтты:

- Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эли өзүбүздүкү деп эсептеген бир катар жерлерди мурдагы президенттер менен кызмат адамдары коӊшулардыкы деп тааныган фактылар мезгил-мезгили менен ачыкка чыгып жатканын айтты. “Чегинген” жерлер боюнча маалыматтарды чиновниктер бекем жашыргандыктан, алар тууралуу элибизге гана эмес, өзүнө да белгисиз болуп келген. Президент ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган кызмат адамдары кол койгон мындай “келишимдер” тууралуу чындыкты эл билүүгө тийиш экенин баса белгиледи.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков укук коргоо органдары Үңкүр-Тоого байланыштуу документтерге укуктук баа берип, күнөөлүүлөр аныкталса, жоопко тартылышы керек деп эсептейт:

Президенттин айланасындагылар интрига жасап, президентти уят кылганы жатат. Мындай учурда ТИМдин милдети - мамлекеттер аралык, эл аралык маселелерди чечүүгө жагымдуу шарт түзүү болуп саналат.
Аликбек Жекшенкулов

- Үңкүр-Тоо боюнча маселеде жумушчу топтордун, министрлердин жолугушуусундагы протоколдордо кыргыз тарап ал жерди өзбек тараптын жери деп кол коюп койгон фактылар бар. Бирок эл аралык норма боюнча протоколдор келишим түрүндө кол коюлуп, ал ратификацияланышы керек. Биз ошол протоколдордо Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай калган деген күмөнүбүз бар.

Бир-эки күндөн бери бийликчил жалпыга маалымдоо каражаттары Үңкүр-Тоо боюнча азыркы жагдайга мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын тушунда Тышкы иштер министрлигин жетектеген Аликбек Жекшенкулов, чек ара боюнча өкмөт өкүлү Саламат Аламанов күнөөлүү, ал жерди өзбек тарапка белекке берип койгон деген мазмундагы материалдарды байма-бай чыгара баштады.

2006-жылы сентябрь айындагы кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын кезексиз жыйыны, андан кийин Бакиевдин Ташкенттеги иш сапары, ага даярдалган келишимдер далил болору айтылды.

Аликбек Жекшенкулов болсо бул дооматтардын баарын четке какты. Азыркы бийликтин мурунку бийликке күнөөнү оодарып жатканын алсыздык, чабалдык деп атады:

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

- Үңкүр-Тоо маселеси чыкканда президентке маалыматтын баарын ачык айтып, ага туура маалымат бериши керек эле. Менимче президентке туура эмес маалыматтар берилип жатат. Өздөрүнүн чабалдыгын айта албай, маселени чече албай жатканын моюнуна албай мурунку аткаминерлерге айып тагып, күнөөлөгөнгө аракет кылып жатышат. Президенттин айланасындагылар интрига жасап, атайын президентти уят кылганы жатышат. Мындай учурда ТИМдин милдети - мамлекеттер аралык, эл аралык маселелерди чечүүгө жагымдуу шарт түзүү болуп саналат. 2006-жылы биз кыргыз-өзбек мамилесин жакшыртууга болгон аракетибизди жасаганбыз. Тилекке каршы, соңку жылдары эки тараптуу президенттердин, премьерлердин жаңы тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде расмий сапар болгон жок. Эгер 10 жылдан бери жылыш болбосо, ага мен күнөөлүү эмесмин да.

Аликбек Жекшенкулов Үңкүр-Тоо тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Аксы районундагы Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин төрагасы, Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешалы Озокеев да бул жагдайга мурунку бийлик күнөөлүү, азыркы президент айрым жагдайларды эми гана билип жатат дегенге ынабай турат.

- Мен Саламат Аламанов менен сүйлөшкөм. Ал Бакиев Ташкентке барар алдында кыргыз-өзбек чек арасында 67 тешигибиз бар, азыр бул маселени карасак болбойт деп айткандан кийин жолугушуунун күн тартибинен алынып салган экен. Өзбекстан дагы чек ара маселесин кароону күн тартибинен алып салган экен. Демек буга Бакиев кол койгон эмес. Аламанов кол койгон документте болсо ошол жер тактала элек деп жазылып турат. Эгер Үңкүр-Тоону мурдагы президенттер берип жиберген болсо, Өзбекстан ошондо эле алып алмак да. Ал ошондо албай азыр келмек беле? Мына биз 25 жылдан бери жалаң эле айланып өтө турган жолдорду куруп жатабыз. Өзбекстан келсе эле артка кетебиз. Эми мына тоодон да түшүп кетелиби? Биз азыр булар кайсы жерде эмнени жашырып жатканын түшүнбөйбүз. Бирок биз муну азыркы бийликтин гана күнөөсү дейбиз. Бизге келип, ошол көрсөтүп жаткан документтер боюнча түшүндүрмө берип, чындап эле Бакиев карматып койгонун тастыктап берсин деген маселе коюп жатабыз.

22-августта Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чактыдай милиция кызматкерин жайгаштырган. Расмий Ташкент Бишкектен Ала-Букада каралып турган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жака белиндеги кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргызстан болсо кошунасынын Аксыдагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек жерге күч органдарынын өкүлдөрүн кирип келгени тууралуу түшүндүрмө сураган. Кармалып турган өзбек милициясы бошотулганын менен Үңкүр-Тоодогу коңшулардын милициялары кете элек жана ал жакта иштеген төрт кыргыз жараны Өзбекстандын райондук ички иштер бөлүмүндө камалып турат.

XS
SM
MD
LG