Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Кара-Кечеде иштеген “Кыргыз көмүр” ишканасынын жумушчулары митингге чыкты


Кара-Кече.
Кара-Кече.

Митингге чыккан 70ке чукул жаран февраль айынан бери айлык албай келе жатканын айтып, ишкананын башкы директорунун милдетин аткаруучу Талант Бокошевдин кызматтын кетүүсүн талап кылууда.

“Кыргыз көмүр” ишканасынын филиалынын жетекчи орун басары Аят Сансызбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү күндө ишкана жумушчуларга айлык акы боюнча 6 миллион сом карыз.

Ал ишкана тарабынан 2014-жылы 126 миң тонна, 2015-жылы 230 миң тоннага чейин көмүр казылганын айтып, быйыл болсо ушул кезде топурак гана алынып, көмүр казыла электигин билдирди.

Жумгал райондук администрациясында нааразылык митингине чогулгандар менен аким жолугуп, тийиштүү тараптарга кайрыларын убада кылды. (AzK/MiK)

XS
SM
MD
LG