Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Өзбекстанда Басма сөз жана маалымат агенттигинин башчысы кармалды


Омоннуло Юнусов
Омоннуло Юнусов

Өзбекстанда Басма сөз жана маалымат агенттигинин генералдык директору Омонулло Юнусов кармалды. "Азаттыктын" өзбек кызматынын жазышынча, 57 жаштагы Юнусов учурда Ташкентте Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. Ал 22-августта кармалып, эки күндөн кийин камакка алынганы маалым болду. Юнусов “Өзбекстан” басмаканасынын жетекчилигине козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө. Омонулло Юнусовдун кесиптештери азырынча бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

“Азаттыктын” өзбек кызматына маалым болгондой, эки ай мурда Өзбекстандын Басма сөз жана маалымат агенттигинде ири текшерүүлөр башталган. Анда 2,2 миллиард сумдун ( 737 миң доллар) дайыны табылбай калганы аныкталган.

Омонулло Юнусов агенттиктин жетекчилигине 2013-жылы келген. Буга чейин ал Өзбекстан рыногунда монополист деп саналган “Шарк” басылмасын жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG