Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Каримовго кыргыз саясатчылары берген баа


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Саламаттыгы тууралуу ар кандай маалыматтар айтылып жаткан Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ишмердиги тууралуу кыргызстандык саясий лидерлер эмне дешет?

Өзбек президентинин кичүү кызы Лола Каримованын акыркы маалыматына караганда Каримов мээсине кан куюлуп, Ташкенттеги ооруканалардын биринде реанимацияда жатат. Абалы туруктуу экени айтылууда.

Коңшуларга кыр көрсөткөн Каримов...

Кандай болгон күндө да Өзбекстанды чейрек кылымдан ашык кыңк эттирбей башкарып “диктатор президент” атыккан Каримовдун буга чейинки ишмердигине берилген баалар Кыргызстанда бир кылка эмес. Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Каримовду коңшуларга кошулбай, өз казанында кайнаган авторитардык президент деп баалайт.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Коңшу өлкөлөр менен дос эмес же душман эмес өзгөчө мамилелерди түздү. Чек ара же башка маселелер боюнча аймакта чыр-чатактар болуп келип, изоляциялык саясат жүргүздү десек да болот. Өзү менен өзү болуп коңшулар менен алака түзгөн жок. Бул жагынан ал демилгени казак президенти Назарбаевге алдырып жиберди. Аны жеке утулушу катары оор кабыл алып, жеке таарынычтан улам көп регионалдык процесстерге катышпай четте турду.

Өзбек президенти канчалык диктатор болсо да өлкө экономикасын оңдоп, 30 миллиондон ашык калкын солкулдатпай башкарган башчы деп баа бергендер да жок эмес. Алардын бири мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев. Ал Каримов менен премьер-министр катары 1999-2000-жылдары иштешкен. Муралиев Каримовдун кыргыз президенттери менен болгон мамилеси эгемендиктин алгачкы беш жылдыгында эле жакшы болуп, калган учурда солгун болгонун белгилейт.

Өзү менен өзү болуп коңшулар менен алака түзгөн жок. Бул жагынан ал демилгени казак президенти Назарбаевге алдырып жиберди.
Өмүрбек Текебаев

- Акаевдин башкаруусунда алгачкы беш жылдыкта алака жакшы жүрүп, кийинки жылдары начарлап кетти. Кийинки эки президент да тил табыша алган жок. Анткени Каримов менен тил табышуу оор нерсе. Ал үчүн дипломатиялык жолдорун табыш керек эле. Негизинен ортодо көп маселелер болду. ГЭСтерди куруу, суу бөлүштүрүү жана чек ара. Булар саясий маселелер. Сүйлөшүү жолу менен чечсе болмок. Бирок биздин дипломатиябыз начар болуп калды.

Ырынан чыры көп кыргыз-өзбек мамилеси

Акыркы күндөрү талаштуу Үңкүр-Тоо маселеси боюнча кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал кайрадан чыңалып турат. Чек ара чатактары буга чейин да бир нече ирет кайталанып келген. Эгемендикти алгандан бери Ошто эки ирет улут аралык кагылыш болду. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул окуялар үчүн бир тараптуу Каримовду айыптоо туура эмес деп эсептейт.

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

- Каримов бир гана Борбор Азияда эмес, КМШ өлкөлөрүндөгү таасирдүү президент. Аны өз улутунун кызыкчылыгын көздөгөн саясатчы катары баалайм. Каримовду тигил же бул маселелер үчүн бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Аны убакыт көргөзөт. Эл аралык мамиле эки тараптан тең көз каранды. Өзбекстан менен болгон алакада бизден кеткен учурлар да жок эмес.

Кыргызстанда Ислам Каримовду бир гана Борбор Азияда эмес, АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалар менен теңата саясат жүргүзгөн мамлекет башчысы катары сыпаттагандар да басымдуу.

Өзбекстан абдан жабык коом, жабык улут болуп саналат. Ошондуктан Каримовдон кийин башка лидер келсе саясий система өзгөрөт деп айтуу кыйын.
Равшан Жээнбеков

Экс-депутат Равшан Жээнбеков эгер жаза тайып Каримовдун көзү өтүп, жаңы башчы келсе деле Өзбекстандагы авторитардык режим өзгөрбөй, демократия, сөз эркиндиги чектелген бойдон кала берет деп ойлойт.

- Өзбекстан абдан жабык коом, жабык улут болуп саналат. Ошондуктан Каримовдон кийин башка лидер келсе саясий система өзгөрөт деп айтуу кыйын. Анткени ал жерде жарандык коомдун мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсү кыйын. Демократияга карай өзгөрүү болот деп айтуу мүмкүн эмес. Кайра эле Каримовдун айланасындагы же үй-бүлөсүнө жакын адам бийликке келет да авторитардык режим улана берет деп ойлойм.

Ал арада эл аралык маалымат каражаттары Каримовдун абалы начарлап кеткендигине байланыштуу Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арналаган расмий иш-чаралар токтотулганын кабарлашты. Ислам Каримов учурда 78 жашта. Ал өлкөнү 25 жылдан ашык убакыт башкарып келет.

XS
SM
MD
LG