Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

ШКУ: Атамбаев менен Каримов жолукту


Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов. Ташкент
Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов. Ташкент

Ташкентте Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жолугушууда.

Президент Ташкентке 23-июнда барган. Сапар учурунда Кытай жана Ооганстандын лидерлери менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Күн тартиби боюнча президенттердин жолугушуусу бүгүн түштөн кийинкиге пландалган. Бирок ШКУнун жыйыны башталардын алдында кездешип, эки тараптуу кызматташтык талкууланып жатканы кабарланды. Президенттердин жолугушуусуна журналисттер киргизилген жок.

Эки өлкө жетекчилери акыркы жолу 2013-жылы сентябрда Бишкектеги ШКУ жыйынынын алкагында жолугушкан. Президент Алмазбек Атамбаевдин ШКУнун Ташкенттеги саммитине катышуусу Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси солгундаган учурга туш келди.

Быйыл март айында Аксыдагы Чала-Сарт аймагына Өзбекстан аскерлерин киргизгенде ал Ташкенттеги саммитке барбай турганын эскерткен.

Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Кыргызстандын Чаласарт аймагында өзбек аскерлеринин пайда болушу кыргыз-өзбек мамилелериндеги жаңы чыңалууну пайда кылган.

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин коңшу өлкө 26-марттын таңында өз аскерлерин чыгарып кеткен.

ШКУ: үч жылдан кийинки жолугуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

XS
SM
MD
LG