Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Үңкүр-Тоодогу кырдаал Жогорку Кеңештин комитетинде жабык каралды


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Үңкүр-Тоого өзбекстандык десанттардын түшүүсү, ал жерде иштеп жаткан кыргызстандык төрт жумушчунун кармалышы, талаштуу чек ара маселелери парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде каралды. Анда комитет тиешелүү кызматкерлерден Үңкүр-Тоо маселеси тууралуу кеңири маалымат алды. Ошондой эле комитет кармалган телемунаранын кызматкерлерин тез арада бошотуу тууралуу өкмөткө тапшырма берди.

Жогорку Кеңеш 1-сентябрда күзгү сессиясына чогулган. Бирок эл өкүлдөрү Көчмөндөр оюнун себеп кылып, эс алуусун дагы 12 күнгө узарткан.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин алып кеткен жок. Кармалган кыргызстандыктар бошотула элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG