Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Оппозиция Баш мыйзамды коргойт


Кыргызстанда оппозициялык айрым күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы курултай өткөрүшөрүн жарыялады. Андагы негизги ураан Баш мыйзамды өзгөртүүнү токтотуу болмокчу. Бирок бийликчил партиялар референдумду аягына чыгарууга убада кылууда.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөрдүн курултайы өтөөрүн оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков айтты. Анын белгилешинче, ушул айга пландалган курултай бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен баш тартууга чакыруу максатын көздөйт:

- Оппозициячыл топ бийликти Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартууга чакырып жатабыз. Учурда консультациялар жүрүп, биригүү процесси болууда. Жер-жерлерди кыдыруу, курултай өткөрүү боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Ага бардык саясий топтор, патриоттук күчтөр, курултай кыймылынын колдогондор жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Буга чейин Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан оппозициячыл күчтөр атайын жумушчу топ түзүп, жер-жерлерди кыдырарын жарыялашкан.

Азырынча бул топтун активдүү ишмердик жүргүзгөнү байкала элек. Жумушчу топтун мүчөсү, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтуусунда, бийликти узурпациялоого каршы биригүүлөр болуп жатат:

- Биздин жумуш жүрүп жатат. Бир күнгө да токтогон жок. Биз конституциялык реформаны токтотуу эле эмес, бийликти узурпациялоого жол жок деп жатабыз. Биздин катарга ар кандай күчтөр кирип жатат. Бийликке жаңыдан каршы чыккандар, мурдатан сындап келгендер да бар.

- Оппозициячыл топ бийликти Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартууга чакырып жатабыз. Учурда консультациялар жүрүп, биригүү процесси болууда.
Равшан Жээнбеков

Анткен менен Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаган фракциялар өз демилгесинен баш тартышкан жок. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов дагы эки аптага узартылган коомдук талкуудан соң бул маселе парламенттин кароосуна коюларын кабарлаган эле:

- Баш мыйзамды өзгөртүү киргизүү менен биздин мамлекеттин эгемендигин, өз суверенитетин жогорулата турган, ар кандай эл аралык чечимдерден көз карандысыз болгондой Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Ошондуктан, сунушталып жаткан Баш мыйзам боюнча референду сөзсүз өткөрүү керек.

Баш мыйзам боюнча талкуу эки аптага узартылганы менен, азырынча Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланбай турат. Себеби парламент депутаттары Көчмөндөр оюнуна жана Курман айтка байланыштуу пленардык жыйындарды өткөрүүгө 12-сентябрга чейин тыныгуу жарыялашкан. Равшан Жээнбеков парламенттин пландалбаган эс алууга кетишин Конституциянын айланасындагы талкууларды басаңдатуу аракети катары сыпаттады:

- Депутаттарды 12-сентябрга чейин таратуу менен талкуу болбосун деген максат болду окшойт. Парламентте анча-мынча чыгып жаткан үндөрдү баса туралы деген аракет болду. Муну менен эч кандай талкуусу жок эле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатышат.

Көчмөндөр оюнуна байланыштуу тыныгуу жарыялоонун демилгечиси, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, Баш мыйзам боюнча талкууну токтотууну максат кылышкан эмес.

- Жакында КМШнын президенттеринин саммити өтөт. Учурда Көчмөндөр оюну өтүп жатат. Бул президент үчүн кандайдыр бир деңгээлде имиждик долбоорлор болду.
Марс Сариев

Бирок Рыспаев Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда коомдук абалды курчутууга аракет кылган күчтөргө да бөгөт коюу зарыл болгонун четке какпайт:

- Бул жерде депутаттар иштебей коеюн, качып кетейин же саясий кырдаалды карап турайын деген эч ким жок. Саясий кырдаалды, айрым депутаттар Көчмөндөр оюну өтүп жаткан учурда барышат, кворум болбой калышы мүмкүн деген ой менен болду. Ал эми комитеттер иштей берет. Ушул учурда айрым депутаттар саясий кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн. Баш мыйзам боюнча коомдук талкуу болуп жатат. Буюрса келип деле чечип беребиз.

Ушу тапта Кыргызстанда кыйладан бери даярдалып келген Көчмөндөр оюну өтүп жатат. Бул күндөрү Баш мыйзам айланасындагы талкуулар да унутта калгандай болду. "Мындай ири иш-чараны өткөрүү менен президенттин командасы өзүнө упай топ алды", дейт саясий серепчи Марс Сариев:

- Жакында КМШнын президенттеринин саммити өтөт. Учурда Көчмөндөр оюну өтүп жатат. Бул президент үчүн кандайдыр бир деңгээлде имиждик долбоорлор болду. Ошол эле учурда Өзбекстанда Каримов каза болгон соң кандай кырдаал болот деген сөздөр бар. Ошондуктан ушундай кырдаалда оппозициянын талабын колдоп чыкчулар көп деле болбойт деп ойлойм.

Быйыл 29-июлда парламенттеги "Ата Мекенден" башка фракциялар Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Анда иштелип чыккан жобону коомдук талкууга коюу тапшырмасы берилген. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду быйыл күздөгү жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өткөрүү жагы сунушталган болчу. Буга оппозиция каршы чыгып, атайын жумушчу топ да түзгөн. Баш мыйзамды өткөрүү сунушу президент Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестикке да себеп болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG