Бүгүн Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндарындагы мелдештер уланат. Кыргыз күрөшү, түрктөрдүн улуттук күрөшүнөн жана чоң ат чабыштын байге ээлери аныкталат.
Ордо, тогуз коргоол, мангала, көк бөрү боюнча мелдештер да уланат. Атчан жаа атуу, алыскы аралыктан жаа атуу жана жөө жаа атуу, эр эңиш, жирит деп аталган түрктөрдүн улуттук оюну, ат үстүндө найза ыргытуудан жана тайган жарыштыруудан алдын ала беттештер башталат.
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Катышуучулар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашууда. Оюндарга 62 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу келген.
5-сентябрдагы таймаштардын жыйынтыгында медалдардын саны боюнча Орусия курамасы алдыда. Алар 10 алтын, эки күмүш жана үч коло байге менен алдыга чыкты. 2-орундагы азербайжандыктарда төрт алтын, төрт күмүш, төрт коло бар. Казакстандыктар төрт алтын, үч күмүш, төрт коло байге менен үчүнчү катарда. Кыргызстандын спортчулары үч алтын, сегиз күмүш жана 13 коло байгеге ээ болуп төртүнчү орунда бара жатат.