Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

Анталияда операция болгон кыргыз дарыгери мамлекеттик ооруканага которулду


31-августта Түркиянын Анталия шаарына дарыгерлер тобу менен саякаттап келип, ооруп операция болгон Татьяна Саенко мамлекеттик ооруканага которулду. Бул тууралуу бейтаптын уулу Александр “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда энесинин абалы туруктуу.

"Апамды мамлекеттик ооруканага котордук. Туристтик медициналык камсыздандыруу фирмасы анын которулганын деле биле элек. Буга чейинки операция болгон менчик ооруканага эгер туристтик фирма акчасын төлөбөсө, анда өзүмдүн чөнтөгүмөн төлөп берем деп милдеттеме алдым" - деди Александр Саенко.

56 жаштагы догдур Татьяна Саенко 31-августта кыргызстандык дарыгерлер тобу менен Анталияга келип, саламаттыгы начарлап кеткен. Ал 4-сентябрда өтүнөн операция болгон. (ElB)

XS
SM
MD
LG