Курман айт күнү намазга келгендерден табылган куралдар экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, 12-сентябрда намазга чогулгандардан жети бычак, эки кастет жана бир травматикалык тапанча табылган.
- Жалпысынан он адамдан курал табылган. Айрымдар куралдарды сумкаларына салып, жай намаздарына ороп алышкан. Азыр алар экспертизага жөнөтүлдү. Жыйынтыгына жараша иликтөө иштери улантылат, - деди Сейитов.
12-сентябрда эски аянтта окулган намазга 50 миңден ашык киши келген. Коомдук тартипти төрт миң тартип сакчысы көзөмөлдөгөн.(UEz)