Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Жарандарды Сирияга үгүттөгөн эки аял соттолду


Сирия.
Сирия.

Жарандарды Сирияга жанкечти катары жалдаган деген айып тагылган 55 жаштагы Мохирахон Акимжанова 6 жылга жана 30 жаштагы Наргизахон Раимжонова 7 жылга соттолду. Мындай өкүмдү Жалал-Абад облустук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, аты аталган аялдар Ош облусундагы жарандарды Сирияга үгүттөп, “Ислам мамлекети” террор тобуна “шейит” катары жалдоо иштерин жүргүзүшкөн.

УКМКнын акыркы маалыматы боюнча, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар саны 600дөн ашты. Ушул убакка чейин алардын 70и ажал тапкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG