КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын көпчүлүк коалициядан чыгууну сунуштады. Өмүркулов мындай сунушту бүгүн, 14-сентябрда парламент жыйынында айтты.
- “Ата Мекен” принципке туруп референдум өткөрүүгө каршы болуп келет. Кечээ комитетте төраганы шайлоо боюнча маселе жаралды. Эгер биримдикте иштей албасак анда “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштайм, - деди Өмүркулов.
Бүгүн парламентте конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасына талапкер көрсөтүү боюнча талаш жаралды. Анда “Ата Мекен” фракциясы менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери КСДП тараптан көрсөтүлгөн талапкерге каршылык көрсөтүп, өз ара кеңешип алууну сунушташкан. (UEz)