Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Орусия: АКШ Сирия боюнча милдеттерин аткарбай жатат


Сирияда тынчтык келишими дээрлик сакталып жатат.
Сирияда тынчтык келишими дээрлик сакталып жатат.

Орусия АКШны Сириядагы ок атышпоо келишими боюнча милдеттерин аткарбай жатат деп айыптады. Орус армиясынын басма сөз өкүлү Игорь Конашенко Вашингтон оозеки убадалардын артына жашынып, оппозициячыл топторду тескөөгө анчейин киришпей жатат деп билдирди. Бул билдирүүгө АКШ жооп бере элек.

12-сентябрда күчүнө кирген келишим айрым аймактардагы майда атышууларды эске албаганда дээрлик сакталып жатат.

Бул келишим Сириядагы беш жылдан ашкан жарандык согушта эки башка тарапты колдогон Орусия жана АКШнын ортомчулугу менен ишке ашкан.

Эгер тынчтык бир жума бою сакталса, АКШ менен Орусия “Ислам мамлекети” террордук тобуна жана “Ал-Каидага” байланышы бар мурдагы “Ал-Нусра”, азыркы “Жабхат Фатех Ал-Шам” тобуна координацияланган аба соккуларын баштайт.

Тынчтык келишимине жогорудагы эки топ кирген эмес. (KKs)

XS
SM
MD
LG