Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Президент Текебаевдин айткандарын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды


Атамбаевдин үйү.
Атамбаевдин үйү.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага депутат Өмүрбек Текебаев жарыялаган маалыматтарды кыска мөөнөттө текшерүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, баш прокурор Индира Жолдубаевага жер тилкесине байланыштуу маалыматтарга дыкат байкоо салып, эгер мыйзам бузуу аныкталса, анын ээси ким экенине карабай чара көрүүнү буйруду.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу президентке жана коомчулукка маалымат берүүгө тийиш.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Анын маалыматында 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган. Бүгүн аталган фракцияда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат берип, Текебаевдин айткандарын бышыктады жана сатып алуулар мыйзамдуу жүргөнүн айтты.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин айткандарын четке кагып, мамлекет башчысы ал жер тилкесин мыйзамдуу сатып алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG