Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Интернетте уктап жаткан сүрөтү талкууга алынган баланын үй-бүлөсүнө жардам берилди


Социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан сүрөт.
Социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан сүрөт.

Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов “Азаттыкка” билдирди:

- Бул үй-бүлө мурдатан эле каттоого алынган. Бирок энеси туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, дайын-дарегин таптырбай, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуудан качат экен. Учурда бул үй-бүлөгө кийим-кече, тамак-аш жагынан жардам берилди. Эми балдарды бакчага жайгаштыруунун жана энесинин өзүнө туруктуу жумуш таап берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Белгилей кетүүчү нерсе, балдардын да, энесинин да тек-жайын тастыктаган документтери жок экен.

Сулайманкулов билдиргендей, баланын аты Исхак, жашы үчтө, анын дагы үч бир тууганы бар, энеси болсо жалгыз бой. Бул үй-бүлө Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турат.

Картон кагазда уктап жаткан 2-3 жаштагы баланын сүрөтү интернетте катуу талкууга алынып, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев анын тек-жайын аныктоону жана тиешелүү жардам берүүнү өкмөткө тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG