Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Ага ылайык, 19-сентябрдан тартып, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык калыбында иштей баштады.
Кыргызстан менен чек арасын Өзбекстан тарап да ачканы, чек араны кайтаруу күчөтүлгөн режимде кала берери кабарланды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер Кыргызстан тараптан 3-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана КМШнын Бишкек саммитине байланыштуу жабылган эле.(ZKo)