Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Канада менен "Кумтөр" маселеси талкууланды


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында Канада тышкы иштер министри Стефан Дион менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыктын абалы, болочогу талкууланды.

Абдылдаев Кыргызстандын "Кумтөр" маселеси боюнча позициясын айтып, эки тарапка тең ыңгайлуу болгон соода-экономикалык алаканын өнүгүшү маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле Канада тарапты "Центерра" компаниясынын ишиндеги көйгөйлүү жагдайларга көңүл бурууга чакырды. Кыргыз өкмөтү конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даярдыгын да билдирди. Стефан Дион эл аралык уюмдардын алкагында эки мамлекеттин кызматташтыгынын маанисине токтолду.

Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги таратты. (NT)

XS
SM
MD
LG